Редакцияот 05.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2019-жылдын 5 - августу № 26/5

Осоавиахим айылындага “Чий-Шалбаа” участкасына Жунушов Касымбектин

ысымын ыйгаруу жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылындагы “Чий-Шалбаа” участкасына эл отурукташып жаңы түшүп жаткан көчөгө Социалистик эмгектин баатыры Жунушов Касымбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 2-августундагы№2 протоколу  жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Осоавиахим айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Чий-Шалбаа” участкасындагы жаңы көчөгө Социалистик эмгектин баатыры Жунушов Касымбектин ысымы ыйгарылып, “Жунушов Касымбек” атындагы көчө деп аталсын.

 

 

Төрага

 

Т. Токтомушов