Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 18-октябры № 397-б
Тегене көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Тегене көмүр кенин иштетүү жана анын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу. укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Конкурстук комиссия эки айлык мөөнөттө конкурс өткөрүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 541-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 117-б буйругунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 399-б буйругунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 554-б буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 18-б буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б буйругунун 1-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 570-б буйругунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б буйругунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйругунун 1-пункту.