Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-октябры № 407-б
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарына жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна жана Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары өз алдынча "Тарап" жана бирге "Тараптар" деп аталат) аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик финансылык кызматташтыкка негизделген ушул Макулдашуунун максаты болуп негизинен Түркияда 100% жергиликтүү продукцияны өндүрүүчү жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан аскердик багыттагы товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана Түркия Республикасынын ар жылдык бюджеттик ассигнованиелеринин алкагында бир нече жылдан бери бөлүнүүчү АКШ долларынын эквивалентинде 100000000 (жүз миллион) түрк лирасы өлчөмүндөгү акчалай сумманы пайдалануу принциптерин аныктоо эсептелет.
2-берене. Пайдалануу чөйрөсү
Ушул Макулдашууга ылайык АКШ доллары эквивалентинде 100000000 (жүз миллион) түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты финансылык салым катары Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарынын алкагында негизинен Түркияда 100% жергиликтүү продукцияны өндүрүүчү жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан аскердик багыттагы товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.
3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги аткарат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппараты ушул Макулдашуунун алкагындагы Тараптардын өз ара аракеттенүүсү үчүн жооптуу органдардан болуп эсептелет.
4-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана Түркия Республикасынын ар жылдык бюджеттик ассигнованиелеринин алкагында бир нече жылга бөлүнгөн 100000000 (жүз миллион) түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражатынан жыл сайын сумма бөлүнүп берилет.
2. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнө бир нече жылга бөлүнгөн аскердик финансылык жардамга тиешелүү болгон алгылыктуу долбоорлук сунуштар жөнүндө кабарлайт (ага материалдардын тиби, саны, техникалык спецификациясы жана сүрөттөрү кошулат, бар болсо).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасына мурдагы жылдын жаңыланган долбоорлук сунуштарын жиберет (ага материалдардын тиби, саны, спецификациясы кошулат), ал жөнүндө ар бир жылдын январь айынын аягына чейин кабарлоо керек.
4. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги/Аскердик атташеси 100000000 (жүз миллион) түрк лирасынын кайсы бөлүгү бериле тургандыгын жана ал бөлүк кайсы долбоор үчүн колдонула тургандыгын кабарлайт.
5. Бюджеттин берилген бөлүгүн Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги/Аскердик атташеси Кыргыз Республикасын кабарлагандан кийин 5 (беш) жылдын ичинде пайдалана алат. Эгерде ушул мезгилдин аралыгында сумма колдонулбаса, бөлүнгөн ресурсту пайдалануу укугу аяктайт. Ресурсту пайдалануунун мезгили аяктаган учурда аны тескөө укугу Түркия Республикасында калат.
6. Негизинен Түркияда 100% жергиликтүү продукцияны өндүрүүчү жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан аскердик багыттагы товарлар жана кызматтар сатып алынган учурда сатып алуулар боюнча бекитилген долбоорлорго акча каражатын ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин координациясында пайдаланууга мүмкүн болот.
7. Сатып алууларга бөлүнгөн акча каражатын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген долбоордун алкагында аныкталган муктаждыктардын (алгылыктуусун көрсөтүү менен) тизмегин дипломатиялык каналдар боюнча Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине жиберет. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги аныктаган принциптердин алкагында негизинен Түркияда 100% жергиликтүү продукцияны өндүрүүчү жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан сатып алуу процесси башталат.
8. Товар жиберүүчү Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасына товарларды транзиттик соодасыз жиберүүгө тийиш.
9. Жүктөрдү ташууга, жүктөөгө, таңгактоого жана жеткирүүгө чыгымдар, ошондой эле үйрөнүү үчүн Түркия Республикасына келүүчү персоналдын окуусуна, тамактануусуна жана жашоосуна чыгымдар, командировкалык жана суткалык чыгымдар, камсыздандыруу төгүмдөрү, салыктар, жыйымдар, банктык чыгымдар жана валюталардын курсундагы айырмачылык сыяктуу бөлүнгөн акча каражатын бөлүштүрүү менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу органы менен компаниянын ортосунда түзүлгөн контрактта чагылдырылышы керек.
10. Төлөөлөр товарлар толук алынды, контракттын шарттарына жана кароо жол-жобосуна ылайык бузугу жок, сатып алуу процесси Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин координациясында жүргүзүлүүдө деген белгиси бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломатиялык каналдар аркылуу Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине кабарлоосунан кийин жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сатып алууларынын наркы берилген финансылык каражаттардан ашык болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жетпеген сумманы төлөп бериши керек. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууда бекитилген каражаттан ашык сумманы төлөп бербейт. Кошумча акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төлөөгө тийиш.
12. Сатып алуу процесси менен байланышкан визиттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бөлүнгөн сумма жөнүндө кабарлоосунан кийин жүргүзүлөт. Аталган процесс менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн чыгымдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жабат. Товарлар жана кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилгенден кийин, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
5-берене. Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укуктары
1. Ушул Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн каражаттарга сатып алынган товарларды жана кызматтарды Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз эсептен чыгара албайт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн алдын ала жазуу жүзүндө макулдугу жок продукцияны жана кызматтарды, ошондой эле аларды колдонуу укугун башка мамлекетке же үчүнчү Тарапка өткөрүп бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбайт.
6-берене. Жашыруун маалыматтарды коргоо
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун маалыматтарын жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптар алмаша турган жашыруун маалыматтарды башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү Тарапка ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун ушул принциби ушул Макулдашуунун күчү бүткөндөн кийин да колдонулат.
7-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө же чечмелөөдө талаш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү тараптарды, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт жана ал дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Эгерде Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча бир чечимге келе алышпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн аракетин токтотот.
8-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Бул учурда жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыкка келишпесе, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашууда каралган өзүнүн милдеттерин аткаруусун улантат.
9-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган учурдан баштап күчүнө кирет.
10-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан баштап 5 (беш) жыл күчүндө болот.
2. Эгерде бир Тарап ушул Макулдашуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин 60 күндүн ичинде аны бузуу ниети жөнүндө башка Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча кабарлабаса, ушул Макулдашуу автоматтык түрдө кийинки бир жылга узартылат.
3. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун жоболорунун талаптарын сактабаса же экинчи Тарапты сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу жүзүндө консультацияларды өткөрүүнү сунушташы мүмкүн, ал жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, кайсы гана Тарап болбосун 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен ушул Макулдашуунун аракетин токтото алат.
4. Бардык учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн бюджет ушул Макулдашууга ылайык толук көлөмдө колдонулуп жатса, Макулдашуу автоматтык түрдө токтотулат.
5. Кайсы бир себептер менен ушул Макулдашуунун аракети токтотулган учурда бөлүнгөн, бирок колдонулбай калган акча каражаты Түркия Республикасынын казынасына кабарлоонун датасын эске албастан кайтарылышы мүмкүн.
6. Ар кандай себептер менен Макулдашуунун аракетинин токтотулушу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир этпейт.
11-берене. Текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
2. Жогоруда баяндалгандардын алкагында ушул Макулдашууга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 2019-жылдын ____________________ шаарында кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө
ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары өз алдынча "Тарап" жана бирге "Тараптар" деп аталат) аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өркүндөтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана Түркия Республикасынын ар жылдык бюджеттик ассигнованиелеринин алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир нече жылга берилүүчү АКШ долларынын эквивалентинде 8000000 (сегиз миллион) түрк лирасы суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүүнүн принциптерин аныктоо эсептелет.
2-берене Пайдалануу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүмдүк жетекчилигинин алдындагы окуу борборлорундагы курстарда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн персоналынын катышуусу боюнча чыгымдардын алкагында каражаттарды пайдаланууну караштырат, анын ичинде Тынчтык үчүн жана терроризмге каршы күрөшүү өнөктөштүгүнүн окуу борбору, Жээкти коргоону өркүндөтүүнүн көп улуттуу борбору сыяктуу окуу борборлорунда (Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кымбат деп аныктаган курстар алынып салынат) транспорттоону, тамактануусун, жашоосун, окуусун төлөөнү, ошондой эле эгерде Түркия Республикасы тарабынан жеке визиттердин транспорттук чыгымдарын төлөөдө карама-каршылыкты көрсөтүүчү Келишимдерде/Протоколдордо/Милдеттенмелерде/Меморандумдарда башка көрсөтүлбөсө, Улуттук коргоо министрлигинин, Генералдык штабдын, Кургактагы аскерлердин, Аскердик-деңиз күчтөрүнүн, Аскердик-аба күчтөрү жана алардын уюмдарынын, субъектилеринин багыты боюнча расмий визиттерди уюштуруу иш-чараларынын транспорттук чыгымдарын төлөөнү, НАТО/Монс-Бельгия Бириккен Координациялык ячейкасында кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын офицеринин кызмат өтөгөн жерине келип-кетүүдөгү авиабилеттерге жана офицерге кызмат өтөө мөөнөтүнө ай сайын бөлүнгөн каржылоо булагынан чыгымдарын (ай сайын 2500 (эки миң беш жүз) АКШ долларын) төлөөнү, ошондой эле Измир шаарындагы НАТОнун Кургактагы аскерлеринин Командачылыгында кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын офицеринин кызмат өтөгөн жерине келип-кетүүдөгү авиабилеттерге жана офицерге кызмат өтөө мөөнөтүнө ай сайын бөлүнгөн каржылоо булагынан чыгымдарын (ай сайын 2500 (эки миң беш жүз) АКШ долларын) төлөөнү караштырат.
3-берене Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Протоколду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги аткарат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппараты ушул Макулдашуунун алкагындагы Тараптардын өз ара аракеттенүүсү үчүн жооптуу органдардан болуп эсептелет.
4-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. 8000000 (сегиз миллион) түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана жылдык бюджеттик ассигнованиелеринин алкагында ар жылдык негизде бир нече жылга бөлүнөт.
2. Түркия Республикасынын Элчилиги/Аскердик атташеси 8000000 (сегиз миллион) түрк лирасы суммасындагы акча каражатынын кайсы бөлүгү бериле тургандыгын жана бул сумма кайсы чөйрөдө колдонула тургандыгын кабарлайт.
3. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппаратынын банк эсебине которулуучу финансылык жардам Түркия Республикасынын Генералдык штабынын буйруктарына ылайык Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Аскердик атташенин Аппаратынын контролдоосу менен пайдаланылышы керек.
4. Ушул белгиленген сумманы Түркия Республикасынын Элчилиги/Аскердик атташеси Кыргыз Республикасын кабарлаган датадан кийин 5 (беш) жылдын ичинде пайдаланышы керек. Эгерде көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында акча каражаты колдонулбаса, аны пайдалануу укугу аяктайт. Пайдалануу мөөнөтү бүткөн акча каражатын кайра бөлүштүрүү укугу Түркия Республикасына таандык болот.
5. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт жана башка мамлекеттердин кызыкчылыктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы пайдаланылбайт.
5-берене. Жашыруун маалыматтарды коргоо
Тараптар ушул Протоколдун алкагындагы маалыматтарды жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык алмаша турган жашыруун маалыматты башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү Тарапка ачпоого милдеттенишет. Купуялуулуктун ушул принциби ушул Протоколдун күчү токтогондон кийин да колдонулат.
6-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө же чечмелөөдө талаш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт жана ал дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Эгерде Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча бир чечимге келе алышпаса, ушул Протоколдун 9-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
7-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Ар бир Тарап ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарын бериши мүмкүн. Бул учурда жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде макулдашууга келишпесе, ушул Протоколдун 9-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Протоколдо каралган өзүнүн милдеттерин аткаруусун улантат.
8-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып бул Протокол күчүнө кирет.
9-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Протокол 5 (беш) жыл ичинде колдонулат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаты толугу менен өздөштүрүлгөн учурда ушул Протоколдун колдонулушу акыркы жазуу жүзүндөгү ырастоочу билдирүү алынган убакыттан тартып токтотулат.
Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабаса же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу жүзүндө консультацияларды өткөрүүнү сунушташы мүмкүн, ал жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, кайсы гана Тарап болбосун 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен ушул Протоколдун аракетин токтото алат.
Ар кандай себептер менен Протоколдун күчүн токтотуу ушул Протоколдун 4-беренесинин жоболоруна таасир этпейт.
10-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
Жогоруда баяндалгандарды ырастап, төмөндө кол койгон эки Тараптын өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Протоколго 2019-жылдын ___________________ шаарында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |