Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2019-жылдын 30-октябры, № 188
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү максатында жана 2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү боюнча Жол картасынын 1-пунктун аткаруу үчүн:
1. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө:
1) ченемдик укуктук базасын инвентаризациялоо жүргүзсүн:
- бюджеттик чөйредө;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иштеринин маселелери боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүүгө багытталган чечиминин долбоорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин, ошондой эле кызыкдар жарандык сектордун жана бизнес-коомдоштуктун екүлдөрүн (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү.болүмүнө жуктөлсүн.
:
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр | С.А.Кылжыев
|
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттердин отчеттуулугу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу башкармалыгынын стратегиялык пландаштыруу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр саясатын түзүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
«РСК Банк» ачык акционердик коомунун корпоративдик жана бизнес-кредит берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун кредит берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.