Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-сентябры, № 317-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана кол коюу боюнча сүйлөшуүлөрдү активдештирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 68-б буйругуна төмөнкудөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктундагы «С.Т.Муканбетовго» деген сөз «З.М.Аскаровго» деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 4-пунктундагы «А.Э.Новиковго» деген сөз «О.М.Панкратовго» деген сөз менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген делегациянын курамында:
- жетинчи абзацындагы «Эркин А.Э.» деген сөздөр «Абакиров М.О,» деген сөздөр менен алмаштырылсын:
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: «Жусупов У.К. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору;»;
- жыйырма бешинчи абзацындагы «Сазбаков А.З.» деген сөздөр «Алишеров Э.Т.» деген сездөр менен алмаштырылсын;
- жыйырма жетинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- кырк биринчи абзацы төмөнкудөй редакцияда баяндалсын; «Усубалиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Экономика
министрлигинин бажы-тарифтик саясат башкармалыгынын бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы;».
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |