Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-февралы, № 68-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 317-б,буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын ишин жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри С З.М.Аскаровго жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 317-б,буйругунун редакциясына ылайык)
3. Саясий диалог, тышкы саясат жана коопсуздук жаатында кызматташуу, сот адилеттиги жана эркиндик маселелери боюнча тематикалык сүйлөшүү тобунун ишин координациялоо Европа Бирлиги менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаевге жүктөлсүн.
4. Соода жана инвестиция маселелери боюнча тематикалык сүйлөшүү тобунун, Экономикалык жана туруктуу өнүктүрүү жаатында сектордук кызматташуу маселелери боюнча тематикалык сүйлөшүү тобунун ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.М.Панкратовго жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын делегациясына зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары 2018-жылга бекитилген бюджеттин чегинде сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү чыгымдарын каржылоону караштырышсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кенейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын делегациясынын
курамы
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 317-б,буйругунун редакциясына ылайык)
Абдрахманов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, пленардык жыйындарды өткөрүү боюнча делегациянын жетекчиси.
Саясий диалог, тышкы саясат жана коопсуздук жаатында кызматташуу, сот адилеттиги жана эркиндик маселелери боюнча тематикалык сүйлөшүү тобу:
Абдрахманов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, топтун жетекчиси.
Топтун мүчөлөрү:
Кыдыров Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи;
|
Салибаев Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
|
Абакиров М.О. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
|
Жусупов У.К. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору;»;
|
Убукеев СМ. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
|
Алмакунов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин талдоо, пландоо жана контролдоо департаментинин директору;
|
Иманалиева Т.К. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
|
Бекенов Э.М. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын эл аралык аскердик кызматташуу башкармалыгынын улук офицери (макулдашуу боюнча);
|
Бердалиев К.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги;
|
Конурбаев М.А.
| - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Султаналиев Н.О. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги;
|
Муктарбеков Ж.М.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери.
|
Соода жана инвестициялар маселелери боюнча тематикалык сүйлөшүү тобу:
Абакиров Э.К.
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, топтун жетекчиси |
Топтун мүчөлөрү:
Азаматов А. А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Абдрахманов К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги:
|
Беков А.Т.
| -Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги;
|
Тентимишова Д.Н.
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын тарифтерди жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги.
|