Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-ноябры № 429-б
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Жалпы узундугу 80,5 км болгон "Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо, 2Н участогу, 104-184,5 км" (Корумду а.-Балбай а.) долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашууларды талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басарына сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Жалпы узундугу 80,5 км болгон "Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо, 2Н участогу, 104-184,5 км" (Корумду а.-Балбай а.) долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кредиттик макулдашууларды талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, расмий делегациясынын башчысы; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Абдрахманов Нурлан Асейинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамбетжунушева Эльнура Рыскельдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Маматов Нурат Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы саясаты жана тарифтик жөнгө салуу башкармалыгынын эл аралык салык жана бажы мамилелери бөлүмүнүн башчысы. |