Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 25-ноябры, № 442-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,
саламаттык сактоо жаатындагы кызматташууну бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга умтулуу менен,
эки элдин ортосундагы тарыхый калыптанган достук байланышты эске алуу менен төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
Бул Макулдашуунун максаты Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын ортосунда тең укуктуулук принцибинин негизинде саламаттык сактоо жаатында кызматташууну орнотуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү болуп саналат.
2- берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү негизги тармактарда кызматташат:
1) медициналык туризмди өнүктүрүү, анын ичинде: медициналык туризм тармагында тажрыйба жана маалымат
алмашуу;
Кыргыз Республикасынын жана Казахстан Республикасынын алдынкы медициналык уюмдарынын базасында кыргыз жана казак адистеринин катышуусу менен мастер-класстарды уюштуруу;
2) медициналык билим берүү жаатында кызматташуу;
3) саламаттык сактоо жаатындагы дарыгерлердин жана башка адистердин сертификаттарын жана категорияларын таануу мүмкүнчүлүгү;
4) саламаттык сактоо тармагында санарип технологияларды өнүктүрүү жана жайылтуу;
5) дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
6) өз ара кызыкчылыкты туудурган маселелер боюнча Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жолугушуулары, иш-чараларды
уюштуруу (конференциялар, семинарлар, симпозиумдар, "тегерек стол", жарманкелер жана башка ушул сыяктуу иш-чаралар);
7) саламаттык сактоо жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча консультативдик жардам көрсөтүү;
8) Тараптардын компетенциясынын чегиндеги башка багыттар.
3- берене
Тараптар төмөнкүдөй формада кызматташат;
- түрдүү деңгээлдеги расмий делегациянын иш-сапары менен алмашуу;
- эксперттердин жана адистердин жумушчу жолугушуулары;
- биргелешкен пландардын, жол карталардын жана башкалардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- өз ара кызыкчылык туудурган тематика боюнча теориялык жана практикалык курстарга (тренингдерге), семинарларга, конференцияларга жана кеңешмелерге катышуу;
- Тараптардын макулдашуусу боюнча кызматташуунун башка формалары.
4- берене
Бул Макулдашуунун алкагында кызматташуу максатында Тараптар саламаттык сактоо тармагында кызматташуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүшөт.
Жумушчу топтун отурумдары зарылдыгына жараша, эреже катары жылына бир жолу, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жана ошондой эле видеоконференция форматында кезек менен өткөрүлүп турат.
Жумушчу топ саламаттык сактоо тармагында кызматташуу боюнча программаларды иштеп чыгат, ошондой эле бул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу башка маселелерди карайт.
Жумушчу топтун отурумунун күн тартиби Тараптардын алдын ала макулдашуусу боюнча бекитилет.
Жумушчу топтун отурумумда кабыл алынган чечимдер тийиштүү протокол менен таризделет.
5- берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде ушул Макулдашууну ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды өз алдынча төлөшөт.
Бул макулдашуу Тараптар үчүн кандайдыр бир укуктук жана финансылык милдеттерге алып келбейт.
6-берене
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекети катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
7- берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга озгортүүлор жана толуктоолор киргизилиши мүнкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчо протоколдор менен таризделет.
8- берене
Ушул Макулдашууну колдонууга жана чечмелөөгө байланышкан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр менен жөнгө салынууга тийиш.
9- берене
Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 (алты) ай мурун Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө экинчи Тарапка билдирүү жибербесе, анда өзүнөн-өзү кийинки 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылат.
Ушул макулдашуунун колдонулушун токтотуу учурдагы иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбеши керек.
2019-жылдын "___________"-___________________ шаарында эки
түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат.
Ушул Макулдашуунун тексттеринин ортосунда айрыма келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Саламаттык сактоо Саламаттык сактоо
министрлиги үчүн министрлиги үчүн