Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 3-декабры № 457-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарына жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары өз алдынча "Тарап" жана бирге "Тараптар" деп аталуучу) аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Макулдашуунун максаты болуп ушул Макулдашуунун 10-беренесинде аталган финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун жана материалдык-техникалык камсыздоо жөнүндө протоколдордун негизинде түркия Тараптан бөлүнгөн, бирок пайдаланылбаган 675821,15 АКШ доллары (алты жүз жетимиш беш миң сегиз жүз жыйырма бир АКШ доллары жана он беш цент) өлчөмүндөгү ресурсту негизинен Түркия Республикасында 100%га жеке продукцияны өндүргөн жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан аскердик багыттагы товарларды жана кызматтарды сатып алууга кыргыз тарапка бөлүштүрүү үчүн негиздерди аныктоо эсептелет.
2-берене. Пайдалануу чөйрөсү
Ушул Макулдашууга ылайык 675821,15 АКШ доллары (алты жүз жетимиш беш миң сегиз жүз жыйырма бир АКШ доллары жана он беш цент) өлчөмүндөгү акча каражаты негизинен Түркия Республикасында 100%га жеке продукцияны өндүргөн жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан жана түркия Тараптын мыйзамдарына ылайык кыргыз Тарап сатып алууга тийиш болгон аскердик багыттагы товарлардын жана кызматтардын наркын төлөө үчүн каржылоо түрүндө берилет.
3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги аткарышат, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Аскердик атташесинин Аппараты ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар болуп эсептелет.
4-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Аскердик багыттагы материалдар жана кызматтар 675821,15 АКШ доллары (алты жүз жетимиш беш миң сегиз жүз жыйырма бир АКШ долларына жана он беш цент) суммасына негизинен Түркия Республикасында 100%га жеке продукцияны өндүргөн жергиликтүү фирмалардан жана компаниялардан сатып алынган учурда акча каражаты ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин координациясында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине берилет.
2. Бөлүнгөн, бирок пайдаланылбай калган акча каражатын тейлөө укугу Түркия тарапка тиешелүү болот.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дипломатиялык каналдар боюнча Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине сатып алуу процесси үчүн бөлүнгөн акча каражатынын көлөмүн эске алуу менен аныкталуучу керектөөлөрдүн тизмесин (өз артыкчылыктарына ылайык) жиберет. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан аныкталууга тийиш болгон принциптердин алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети негизинен 100%га жеке продукцияны өндүргөн Түркиянын фирмаларынан жана/же компанияларынан сатып алуу процессин баштайт.
4. Берүүчү товарларды Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасына жеткирүүгө тийиш, мында транзиттик соода жүргүзүлбөйт.
5. Жеткирүү, фрахтовкалоо, ташуу, монтаждоо, таңгактоо жана окутуу, анын ичинде Түркияга окууга келген персоналдын тамак ашы, жашоосу үчүн чыгымдар, ошондой эле транспорттук, суткалык, камсыздандыруу жана банктык чыгымдар, салыктар, жыйымдар жана курстук айырмачылыктар сыяктуу акча каражатын бөлүштүрүү менен байланышкан тике чыгымдар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен фирмалардын жана/же компаниялардын ортосунда түзүлгөн контрактта көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Төлөөлөр Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин координациясында ишке ашырылуучу сатып алуу процесси талап кылгандай, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигин товарлардын контракттын шарттарына жана текшерүү жол-жоболоруна ылайык толук алынгандыгы жана зыянга учурабагандыгы жөнүндө нота менен дипломатиялык каналдар боюнча кабарлоодон кийин жүргүзүлөт.
7. Эгерде Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети бөлүнгөн суммадан ашык сатып алса, ал бөлүнгөн суммага кошумча акча каражатын которушу керек. Түрк Тарап белгиленген, бөлүнгөн суммадан ашык төлөбөйт. Кошумча акча каражаттарын кыргыз Тарап төлөйт.
8. Сатып алуу процесси менен байланышкан визиттер кыргыз Тарапка акча каражаты бөлүнгөндүгү жөнүндө кабарлагандан кийин башталат. Бул процесс менен байланышкан кыргыз Тараптын кызмат адамдарынын чыгымдарын кыргыз Тарап жабат. Сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасына келгенден кийин аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
5-берене. Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укуктары
1. Ушул Макулдашууга ылайык түркия Тараптан берилген товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түркия Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз кыргыз тарап эсептен чыгарбайт.
2. Кыргыз Тарап алдын ала түркия Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү же аларды колдонуу укугун башка мамлекетке же үчүнчү тарапка өткөрүп бербеши керек.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору эки Тарап катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерге таасири тийбейт жана башка мамлекеттердин коопсуздугунун кызыкчылыгына жана аймактык бүтүндүгүнө каршы пайдаланылбайт.
6-берене. Жашыруун маалыматтарды коргоо
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагындагы маалыматтарды жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык Тараптар алмаша турган жашыруун маалыматтарды башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү Тарапка ачпоого милдеттенишет. Купуялуулуктун ушул принциби ошондой эле ушул Макулдашуунун жарактуулугу бүткөндөн кийин да колдонулат.
7-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну аткарууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан бардык талаш маселелер үчүнчү тараптарга, арбитраждык кеңешке же эл аралык сотко берилбестен, дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Эгерде дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир чечимге келе алышпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде аныкталган жол-жоболорго ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн күчүн жоготот.
8-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Мындай учурда жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
2. Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыкка келишпесе, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашууда каралган өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
9-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган учурдан баштап күчүнө кирет.
10-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 5 (беш) жыл бою колдонулат.
2. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун жоболорунун талаптарын сактабаса же экинчи Тарапты сактабай жатат деген тыянакка келсе, Тараптар жазуу жүзүндө консультацияларды өткөрүүнү сунуштай алышат. Бул консультациялар жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат. Эгерде кийинки 60 (алтымыш) күндүн ичинде жыйынтыкка жетишпесе, кайсы гана Тарап болбосун 60 (алтымыш) күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоону алган датадан тартып ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотот.
3. Бардык учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн ресурс ушул Макулдашууга ылайык толугу менен колдонулган болсо, Кыргыз тарап Түркия тараптан кабарламаны алгандан кийин ушул Макулдашуу автоматтык түрдө токтотулат.
4. Кайсы бир себептер менен ушул Макулдашууну колдонуу токтотулган учурда, бөлүп берилген, бирок колдонулбай калган ресурс Түркия Республикасына пайдаланылбаган ресурс жөнүндө кабарламанын датасы эске алынбастан кайтарып берилиши керек.
5. Ушул Макулдашууну ар кандай себептер боюнча токтотуу бул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир этпейт.
6. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкү макулдашуулар жана протоколдор күчүн жоготот:
- 1999-жылдын 28-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 1999-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Материалдык-техникалык камсыздоо жөнүндө протокол;
- 2000-жылдын 9-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2000-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Материалдык-техникалык жардамды аткаруу жөнүндө протокол;
- 2001-жылдын 26-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2001-жылдын 4-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Материалдык-техникалык жардамды аткаруу жөнүндө протокол;
- 2002-жылдын 13-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2002-жылдын 30-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Материалдык-техникалык жардамды аткаруу жөнүндө протокол;
- 2003-жылдын 21-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2003-жылдын 12-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосунда Материалдык-техникалык жардамды аткаруу жөнүндө протокол;
- 2004-жылдын 24-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2004-жылдын 9-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протокол;
- 2005-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протокол;
- 2006-жылдын 19-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2007-жылдын 24-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протокол;
- 2007-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2007-жылдын 4-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протокол;
- 2008-жылдын 9-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2009-жылдын 26-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам берүү жөнүндө протокол;
- 2009-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуу;
- 2010-жылдын 24-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Финансылык жардам берүү жөнүндө протокол.
11-берене. Текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
2. Жогоруда баяндалгандын алкагында ушул Макулдашууга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан _______________ шаарында 2019-жылдын _________________ кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан: |