Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2019-жылдын 6-декабры № 209
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 72 чечимине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмду тандоо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- бир жумалык мөөнөттө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу боюнча уюмду тандоонун критерийлерин иштеп чыксын;
- бир айлык мөенөтте Кыргыз Республикасынын Өкметүнун расмий сайтына тандоону алдын ала жарыялоо менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу боюнча кызмат керсөтүүчү уюмду тандасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тандоонун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу боюнча келишим түзүү үчүн зарыл болгон мөөнөттө Евразия экономикалык комиссиясына тийиштүү сунуш жиберсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
С.А.Кылжыев
|
Тиркеме
Сазбаков Алмаз Замирбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлү, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.
|
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Алишеров Эльдар Туралиевич
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
|
Абдрахманов Нурлан Асейинович
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
|
Сарымсаков Манас Болотович
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
|
Азимов Алмазбек Курбаналиевич
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Абылкасымова Тамара Нурмамытовна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын талдоо жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн эксперти;
|
Дуйшеналиев Урмат Асылбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын лингвистикалык экпертиза секторунун эксперти;
|
Рысалиева Алима Зарылбековна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы |