Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-декабры, № 465-б
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Эл аралык эмгек уюмунун ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптуү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен
Эл аралык эмгек уюмунун ортосундагы Кызматташуу жөнүндө
меморандум
Биргеликте Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) жана Татыктуу эмгек маселелери боюнча техникалык колдоо тобу менен Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЭЭУ бюросу аркылуу Эл аралык эмгек уюму (мындан ары - ЭЭУ) Кыргыз Республикасында татыктуу эмгекти алга жылдыруу максатында кызматташууга кызыкдар экендигин көңүлгө алып,
социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча жалпы каалоону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген «Биримдик, ишеним, жаратмандык» 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасынын максаттары менен милдеттерине жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына ылайык Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарын эске алып, андан аркы социалдык прогресске жана социалдык камсыздоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшуп,
өз ара түшүнүү жана натыйжалуу кызматташуу багытында аракеттенип, ушул Меморандумду түзүштү.
1-берене. Ушул Меморандумду колдонуу чөйрөсү
ЭЭУ Социалдык фондго социалдык-экономикалык жана демографиялык өбөлгөлөрдү эске алып, Социалдык фонддун кызматкерлерин актуардык эсептөөлөргө жана пенсиялык системанын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү абалын болжолдоо боюнча окутууга багытталган техникалык колдоо көрсөтөт.
2-берене. Техникалык жардамдын формалары
Ушул Меморандумга ылайык Социалдык фондго ЭЭУ көрсөткөн техникалык жардам, төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) актуардык эсептөөлөр боюнча төрт окутуу семинарларын өткөрүү;
б) окутуунун жыйынтыгы боюнча Социалдык фондго финалдык отчет берүү (окутуу темаларын, актуардык баалоо үчүн жетектөөчү принциптерди жана андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды аныктоо);
в) Социалдык фонддун керектөөлөрүн эсеке алуу менен Социалдык фондго ЭУУ жетекчилигинин алдында жеке актуардык баалоо жүргүзүү үчүн онлайн-инструментти кайрадан пайдалануу мүмкүндүгүн берүү. Онлайн-инструмент ЭЭУ менчиги бойдон калат.
З-берене. Социалдык фонддуи катышуусу
ЭЭУдан актуардык эсептөөлөргө окутуу түрүндө техникалык жардам алуу максатында Социалдык фонд ушул Меморандумга ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
а) окууга катышуу үчүн курамы 10 адамдан турган Социалдык фонддун кызматкерлеринен топ түзөт;
б) Социалдык фонддун 2020-2021-жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Социалдык фонд уюштуруу процесстери (окуу өткөрүүчү жай, компьютердик жабдуу, кеңсе товарлары, кофе-брейк ж.б.) менен байланышкан окуу семинарлары, котормо кызматтары, жазуу жүзүндө котормолор боюнча чыгымдарды тартат.
4-берене. Меморандумдун шарттары
Ушул Меморандумга ылайык Социалдык фонд тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт жана ресурстардын болушунан көз каранды болот.
Ушул Меморандумга ылайык ЭЭУ тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштер ЭЭУ эрежелери жана жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат жана ресурстардын болушунан көз каранды болот, ЭЭУнун финансылык жоболорунда жана эрежелеринде каралган ички жана тышкы аудиттин жол-жоболору менен жөнгө салынат.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделген жана ушул Меморандумдун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Меморандумду Тараптардын биринин дипломатиялык каналдар боюнча аны жокко чыгаруу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүсу алынган күндөн тартып 30 (отуз) кун өткөндөн кийин Тараптардын кайсынысы болбосун бузушу мүмкүн.
Тараптар ушул Меморандумду чечмелөөнүн же колдонуунун натыйжасында келип чыккан ар кандай талашты тынч жөнгө салуу үчүн бардык күч аракеттерди көрүшөт.
Ушул Меморандумдагы жана ага байланыштуу эч бир нерсе ЭУУ колдонгон артыкчылыктардан жана иммунитеттерден баш тартуу катары чечмеленбеши керек.
Ушул Меморандум кол коюлган кундөн тартып күчүнө кирет жана эки жылга чейин колдонулат.
Меморандум 20 -жылы «_______»______шаарында
ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч нускада түзүлдү жана кол коюлду. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Меморандумдун англис тилиндеги текстине артыкчылык берилет.
Кыргыз Эл аралык эмгек
Республикасынын Социалдык уюмунун атынан
фондунун атынан