Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-декабры, № 471-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Бириккен Араб Эмираттарынын Климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана мал чарба азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Бириккен Араб Эмираттарынын Климаттын жана айлана чөйрөнүн өзгөрүшү министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана мал чарба азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Бириккен Араб Эмираттарынын Климаттын жана айлана чөйрөнүн өзгөрүшү министрлиги, мындан ары "Тарап" же бирге "Тараптар" деп аталып,
Кыргыз Республикасынын (мындан ары - КР) жана Бириккен Араб Эмираттарынын (мындан ары БАЭ) ортосундагы ветеринария жана фитосанитария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө эки өлкөнүн ортосундагы тамак-аш азыктары жана айыл чарба продукттары менен соодалашууну жөнөкөйлөтүүгө көмөктөшөрүн, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн зыянкечтерин жана ооруларын алып келүүнү, түзүүнү жана жайылтууну болтурбай турганын, ошондой эле адамдын керектөөсү үчүн коопсуз азык-түлүктү камсыздоосун билип,
Төмөнкүлөр боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1-берене. Милдеттенмелер
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум башка түзүлгөн эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
2-берене. Кызматташтык чөйрөлөрү
Тараптар, тактап айтканда, төмөнкүлөр аркылуу кызматташат:
а) карантиндик чараларды координациялоону жана макулдашууну камсыздоо, арадагы жана транзиттик соодага көмөктөшүү максатында санитардык жана фитосанитардык маселелер, анын ичинде баардык тиешелүү мыйзамдар, токтомдор, регламенттер, талаптар жана жол-жоболор боюнча техникалык маалымат менен алмашуу;
б) Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн саламаттыгы, зыянкечтери жана оорулары жөнүндө маалымат менен алмашуу;
в) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын саламаттыгы жана тамак-аш азыктарынын карантини жана коопсуздугу жаатындагы изилдөөлөр жана технологиялар менен алмашуу;
г) эки өлкөнүн айыл чарба ишканаларынын ортосундагы түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү.
3-берене. Кызматташтыктын каражаттары
Тараптар кызматташуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыздашат:
а) маалымат алмашууну, тажрыйба бөлүшүүнү, окутууну жана кадрларды даярдоону;
б) жогорку деңгээлдеги визиттер жана техникалык визиттер менен алмашууну;
в ) Тараптардын макулдашуусу боюнча кызматташуунун ар кандай башка каражаттарын.
4- берене. Ишке ашыруу
а) Ар бир тарап Меморандумдун алкагында өз Тарабын каржылайт;
б) Тараптар ушул Меморандума тиешелүү байланыш үчүн жооптуу байланышуучу жактарды аныкташат;
в) Тараптар жетишкендиктер жана аткарылган иш чаралар, максаттуу долборлор үчүн приоритеттерди жана иш-аракеттердин пландарын аныктоо жөнүндө толук отчетту даярдоого милдеттенишет.
5- берене. Көз карандысыздык
Эки тарап өзүнүн укуктук, ченемдик жана финансылык автономиясын сактайт.
6- берене. Талаш-тартыштырды чечүү
Ушул Меморандумдун жоболорун талкуулодо жана колдонууда келип чыккан ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
7- берене. Маалыматтын купуялуулугу
Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү уруксаты болбой туруп, Тараптар ушул Меморандумдун алкагында бири-бирине берүүчү кандайдыр бир купуя маалыматты кайсы бир үчүнчү тарапка ачып бербей жана жайылтпай тургандыгын таанышат.
8-берене. Күчүнө кириши, мөөнөтү жана оңдоолору
Ушул Меморандум кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана беш (5) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер тараптардын бири дагы башка Тарапка ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 (алты) ай мурун анын күчүн токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин башка Тарапка кабарлабаса, бул Меморандумду колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Меморандун жоболору Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
9-берене. Нускалар
Ушул Меморандум _ шаарында 2019-жылдын "_" _,
эки түп нускада, ар биринин бирдей күчү бар кыргыз, орус, араб, англис тилдеринде кол коюлду.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарынын
Өкмөтүнө караштуу Климаттын жана айлана
Ветеринардык жана чөйрөнүн өзгөрүшү
фитосанитардык коопсуздук министрлиги үчүн
боюнча мамлекеттик инспекция
үчүн
____________________________ ________________________
Кол тамга: Кол тамга: