Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2019-жылдын 9-декабры № 210
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын инвентаризациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 8 жана 23-пункттарына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2019-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын инвентаризациялоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча конкреттүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомдоштуктун (макулдашуу боюнча) адистерин иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте ишке тартууга жана маалымат алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча керектүү маалымат менен тез арада камсыз кылышсын жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныкталсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| С.Кылжыев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын
инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Джусупбекова Надира Сынташевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Абыкеева Мээрим Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Дуйшеев Тимур Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Асанов Алмазбек Аскерович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы; |
Шаршенов Болот Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кооптуу табигый кырсыктарды изилдөө бөлүмүнүн башчысы; |
Матазимов Искандарбек Токтобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг бөлүмүнүн башчысы; |
Жанбоев Бейшен Кыдыкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы; |
Уралиев Улан Джекшенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору; |
Мандеев Жумабай Чакиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак-жай жарандык курулуш департаментинин башкы инженери; |
Касымалиев Байыш Касымалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак-жай жарандык курулуш департаментинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын адиси; |
Кушубакова Мария Ысагуловна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин санитардык дарыгери; |
Омурзаков Мамарасул Тологонович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүмүнүн башчысы; |
Назарбекова Улпат Назарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жалал-Абад облусу боюнча Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы; |
Бектенова Индира | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ысык-Көл облусу боюнча Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери. |