Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-декабры, № 472-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүу тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда Туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу
МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү,
Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүү жана өркүндөтүү боюнча өз ара ниеттерин жетекчиликке алып,
туризм чөйрөсүндөгү эки тараптуу мамилелердин маанисин билип жана аларды социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу фактору, Тараптардын мамлекеттериндеги элдердин ортосундагы достукту бекемдөө жана өз ара түшүнүүгө көмөктөшүү катары карап,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Кызматташуунун максаттары
Тараптар бул Меморандумдун жоболоруна жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты колдошот.
Тараптар өздөрүнүн өлкөсүндө колдонулуучу мыйзамдарына, тартиптерине жана нускамаларына ылайык өз мамлекеттеринин жарандарына экинчи өлкөлөргө саякаттоосуна колдоо көрсөтүшөт.
Тараптар туризм чөйрөсүндөгү кызматташууну бекемдөө максатында туризм индустриясынын кызыкдар тараптарынын ортосундагы кызматташтыкты жана түз байланышты колдошот.
2-берене. Кызматташуунун тармактары
Тараптар бул Меморандумдун алкагында төмөнкү тармактар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылышат:
- туризм чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты колдоо;
- туризмге байланыштуу маалымат менен алмашууну колдоо;
- туризм чөйрөсүндөгү кызыкдар тараптардын, анын ичинде мейманканалар жана туристтик операторлордун ортосундагы кызматташууну колдоо;
- Тараптар туризм тармагында кадрларды даярдоо, эксперттер менен алмашуу жана техникалык жардамдын башка формасында кызматташат. Мындай алмашуулар ар бир өлкөнүн туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары аныктаган алкакта ишке ашырылат;
- туризм чөйрөсүндөгү инвестицияларды колдоо;
- эки тараптуу туризмди илгерилетүү үчүн туристтик операторлордун/жалпыга маалымдоо каражаттарынын/коомдук адамдардын визиттери менен алмашуу;
- дестинация жана башкарууну өнүктүрүү, маркетинг жана илгерилетүү жаатында тажрыйба алмашууну колдоо;
- бири-биринин өлкөлөрүндө өтүүчү туристтик жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышууну колдоо.
3-берене. Жумушчу топту түзүү
Бул Меморандумдун алкагында Тараптардын пикир алмашуусу жана кызматташтыкты бекемдөө максатында Тараптар эки жактан теңме-тең мүчөлөрдөн турган биргелешкен жумушчу топту түзө алышат. Биргелешкен жумушчу топ Тараптардын ортосунда өз ара макулдашылган, алдын ала күнүн аныктап, мезгил-мезгили менен эки жылда бир жолу, кезек-кезеги менен жыйындарды өткөрөт. Тараптар жумушчу топтун жыйынына катышуу үчүн туризм секторунун өкүлдөрүн чакыра алышат.
Тараптар бул Меморандумду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кетирген бардык чыгымдарын. алардын тийиштүү улуттук мыйзамдары белгилеген чекте, эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача каралбаса, өз алдынча төлөшөт.
4-берене. Меморандумду өзгөртүү
Бул Меморандумду Тараптардын өз ара макулдугу боюнча дипломатиялык каналдар аркылуу нота алмашуу жолу менен ар убакта өзгөртүүгө болот.
5-берене. Меморандумду ишке ашыруу
Меморандум дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет, ошол билдирүү аркылуу Тараптар күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду бүтүргөндүгү тууралуу бири-бирин маалымдашат.
6-берене. Меморандумду колдонуу мөөнөтү
Ушул Меморандум беш (5) жыл бою күчүндө болот. Эгерде Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө алты ай мурда кабарлабаса, ал ушундай эле мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
7-берене. Интеллектуалдык менчиктин укуктары
Бул Меморандум ар бир Тараптын кайсы бир интеллектуалдык менчик укугуна кандай болбосун укуктарды же лицензияларды бербейт жана болжолдобойт.
Бир дагы Тарап өзүнүн товардык белгилерин, логотиптерин же корпоративдик коддорун аларга ээ болгон тараптын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугусуз колдоно албайт.
8-берене. Купуялуулук
Эки тарап тең купуялуулукту төмөнкүдөй камсыз кылышат:
Ушул Меморандумга байланыштуу берилген жана алынган маалыматтын купуялуулугун жана ушундай маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоо.
Маалыматтын купуялуулугун сактоо жана ушул беренеге ылайык үчүнчү жактарга жарыялабоо тууралуу эки Тараптын тең милдеттенмеси ушул Меморандумга көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин да сакталат.
9-берене. Талаштарды чечүү
Ушул Меморандумду ишке ашырууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай талаштар дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
10-берене. Меморандумдун көчүрмөлөрү
Ушуларды күбөлөндүрүп, өздөрүнүн тийиштүү Өкмөттөрүнөн кол коюуга ыйгарым укук алышкандар ушул Меморандумга кол коюшту.
2019-жылдын__________шаарында «______»________
эки нускада түзүлгөн, ар бири кыргыз, англис, араб, орус тилдеринде жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн
___________________________________ _________________________________________