Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-декабры № 474-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Маданият чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Маданият аркылуу эки өлкөнүн элдеринин ортосунда достук мамилелерди жана кызматташтыкты, ошондой эле өз ара түшүнүшүүнү түзүү жана өнүктүрүү ниетинде;
достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүдө өз ара билимдерди жайылтуунун жана маданиятты толук түшүнүүнүн, ошондой эле маданияттын жана маданий диалогдун жана форумдардын ролунун маанилүүлүгүнүн үзүрлүү натыйжасын таануу менен,
мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн атынан Маданият жана билим берүүнү өнүктүрүү министрлиги
төмөнкүлөр тууралуу өз ара түшүнүүгө келишти:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга (мындан ары - Меморандум) кол коюу менен, Тараптар цивилизация, маданият жана искусство жөнүндө билимдердин чөйрөсүн кеңейтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн тарыхый-маданий мурас, адабият, сүрөт жана аткаруучулук өнөр, аудиовизуалдык жазуулар жана программалар, дизайн, ошондой эле маданий жана чыгармачылык тармактар жана таланттарды колдоо сыяктуу маданият чөйрөлөрүндөгү кызматташтык үчүн бекем негиз түзүүгө умтулушат.
2-берене.
Ушуну менен Тараптар ушул Меморандумдун 1-беренесинде баяндалган максаттарга төмөнкү иш-аракеттер менен жетүү үчүн кызматташууга умтулушат:
а) маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык;
б) маданият чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле эксперттер менен алмашуу;
в) өлкөлөрдүн маданияттарын, тилин, адабиятын, искусствосун жана маданият маселелери боюнча мурастарын изилдөө;
г) эки өлкөнүн китепканаларынын ортосундагы кызматташтык;
д) эки өлкөдө өз ара маданият жумалыктарын уюштуруу;
е) Тараптардын ортосунда макулдашылган маданият чөйрөсүндөгү кызматташтыктын бардык башка түрлөрү.
3-берене.
Эки тарап ЮНЕСКО менен кол коюлган эл аралык келишимдерди жана маданий секторго, анын ичинде тарыхый-маданий мурас, адабият, искусствонун визуалдык жана аткаруучулук түрлөрү, аудиовизуалдык жазуулар жана программалар, дизайн, ошондой эле маданий жана чыгармачылык тармактар жана таланттарды колдоо сыяктуу чөйрөлөргө тиешелүү болгон башка эл аралык келишимдерди жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык тажрыйба алмашат.
Ушул максатта жана өз ара түшүнүүнүн негизинде эки Тарап адистерди, окумуштууларды, эксперттерди жана маданият чөйрөсүндөгү изилдөөчүлөрдү тийиштүү мамлекеттик органдар аркылуу тажрыйба алмашууга, ошондой эле эгерде ушул Меморандумга тиешелүү болсо, эл аралык уюмдар тарабынан колдонулуучу маданият чөйрөсүндөгү тажрыйбаны жана практиканы колдонууга чакырат.
4-берене.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү максатында тийиштүү мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулушат. Жогоруда белгиленген максаттарга жетүү үчүн Тараптар төмөнкүлөрдү колдойт:
а) эки өлкөнүн маданият, адабият жана чыгармачылык интеллектуалдык эмгектер маселелери боюнча жооптуу кызмат адамдарынын визиттери;
б) эки өлкөнүн маданиятына байланышкан китептерди которуу;
в) маданий жана көркөм иш-чараларга катышуу;
г) китеп жана жарыялоолорду алмашуу, өзгөчө санариптик форматтагы китептерди алмашуу;
д) маданияттын түрдүү чөйрөлөрүндө чыгармачылык алмашуу;
е) эки өлкөнүн маданий мурастарын, музыкасын жана искусствосун чагылдырган библиографиялык маалыматтарды жана аудиовизуалдык жазууларды алмашуу;
ж) ушул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары менен макулдашылган ар кандай маданий же көркөм иш-чараларды өткөрүү.
5-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында жана мыйзамдарга жана эки Тарап катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрөт.
6-берене.
Тараптардын консультацияларынан кийин которууга, авторлукка жана жарыялоолорго көмөк көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдойт.
7-берене.
Эгерде эки Тараптын тийиштүү мамлекеттик органдарынын ортосунда түздөн-түз же дипломатиялык каналдар аркылуу башка макулдашылбаса, иш-чараларга катышуу төмөнкү шарттарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш:
1. Жөнөтүүчү Тарап келүүчүлөрдүн академиялык жана профессионалдык квалификациясы тууралуу бардык зарыл маалыматты жана кабыл алуучу Тарап суроо-талап кылган бардык башка маалыматтарды кабыл алуучу Тарапка берүүгө тийиш.
2. Жөнөтүүчү Тарап кабыл алуучу Тарапка датасы жана делегаттардын келиши тууралуу башка маалымат жөнүндө так же макулдашылган түрдө маалымдайт.
3. Тараптар көргөзмөлөрдү, анын ичинде маданиятка тийиштүү материалдарга жана продукцияларга байланышкан көргөзмөлөрдү уюштурууну түздөн-түз же дипломатиялык каналдар боюнча координациялоого тийиш.
4. Тараптардын ортосунда маданий алмашууга байланышкан финансы маселелери ар бир Тараптын жагдайларын эске алуу менен жана дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар макулдашкан алмашуу планында кеңири баяндалат.
8-берене.
Ушул Меморандумду чечмелөөнүн жана ишке ашыруунун натыйжасында Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынууга тийиш.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандум анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу өзүнчө протоколдор менен өзгөрүшү жана толукталышы мүмкүн жана мындай өзгөртүү же толуктоо кол коюлган күндөн тартып же Тараптардын макулдашуусу боюнча күчүнө кирет.
10-берене.
Ушул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат.
Ушул Меморандум эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин үч айдан кем эмес убакыт мурда жазуу жүзүндө кабарлабаса, автоматтык түрдө кийинки ошондой мөөнөттөргө узартылат.
Ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтүндө ар бир Тарап каалаган убакта мындай токтотуу кабарланган күндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирүү шарты менен экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу аны токтотууга укуктуу.
Эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса, кандай гана учур болбосун ушул Меморандумдун аракетин токтотуу иштин же программанын түрлөрүнө таасирин тийгизбейт.
Муну күбөлөндүрүү үчүн тийиштүү өкмөттөрдүн атынан Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Меморандумга кол коюшту.
____________ шаарында 20__-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз, араб, англис жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу талаш-тартыштар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү үчүн |
______________________________ |
| ______________________________ |