Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-декабры, № 481-б
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Сауд Аравия Королдугунун Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлигинин ортосундагы Ислам иштери боюнча өз ара тушүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Сауд Аравия Королдугунун Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлигинин ортосундагы Ислам иштери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Сауд Аравия Королдугунун Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлиги өз ара түшүнүшүүнү жана ислам иштери боюнча кызматташууну маанилүү катары таанышып, эки өлкөдөгү мыйзамдарга, эрежелерге ылайык төмөнкүлөр жөнүндөгү ушул Меморандумду түзүштү:
1- берене
Исламдын радикализмге, экстремизмге каршылыгын, ортолукту кармануусун, заманбап масслелерге көз карашын баяндоо.
2- берене
Ислам дининдеги үгүт-насаат жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу.
3- берене
Мечиттерди иретке келтирүү жаатында ислам эрежелерине ылайык натыйжалуу ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн имамдарды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу.
4- берене
Куранга, сүннөткө жана араб тилине көңүл буруу жаатында басып чыгаруу, жайылтуу жана которуу боюнча тажрыйба алмашуу. Ошондой эле Тараптардын өткөрүлө турган Куран жаттоо жана аны кырааты менен көркөм окуу иш-чараларына катышуу.
5- берене
Ислам дининин мурастарын жандандыруу жаатында кызматташуу жана коордипациялоо. Эски кол жазмаларды чогултуу, сактоо, мазмундоо, редакциялоо жана жайылтуу аркылуу анын баалуулуктарын көрсөтүү. Тараптардын улуттук каада-салттарына арналган исламий китептер жана басылмалар менен алмашуу.
6- берене
Эл аралык конференцияларда, ислам ассоциацияларында, семинарларында жана форумдарында катышкан Тараптардын делегацияларынын иш-аракеттерин координациялоо жана позицияларынын бирдейлештирүү, ошондой эле анын натыйжасында пайда болгон изилдөөлөр жана сунуш-пикирлер менен бөлүшүү.
7-берене
Ушул Меморандумдун Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптар өз ара макулдашуу аркылуу ушул Меморандумга анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошумча протокол менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат.
8-берене
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечишет.
9-берене
Ушул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын макулдугу боюнча бири экинчи Тарапка алгачкы мөөнөттүн же кийинки мөөнөттүн бүтөөрүнө чейин 6 ай мурун анын иш-аракетин токтотуу же өзгөртүү ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, ушул Меморандум автоматтык түрдө ушундай эле мөөнөткө кайра узартылат. Ошондой эле, эгер Меморандумдун күчүн токтотуу чечими кабыл алынса, пландалган иш-чаралардын аткарылуусу улантылат.
Бул Меморандум 2019-жылдын _______ _______ шаарында, бардык тексттер бирдей күчүнө ээ болгон кыргыз, араб жана англис тилдеринде 2 (эки) түп нускада түзүлдү.
_______________________________ Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы үчүн | __________________________________ Сауд Аравия Королдугунун Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлиги үчүн |