Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-декабры, № 479-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу жана коргоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу жана коргоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы мамилелерди колдоо жана өнүктүрүү ниеттерин эске алуу менен, теңдештик жана өз ара пайда алуу негизинде Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты андан ары илгерилетүү ниетинде төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
Тараптар жарандык коргонуу жана коргоо жаатында, ошондой эле табигый кырсыктардын же адамзаттын жашоо-тиричилигинин, анын ичинде техникалык, өндүрүштүк, криминалдык жана башка иштин натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн кызматташууга макулдугун берүүдө. Тараптар мындай кызматташтыкка тийиштүү каражаттардын жардамы менен жана аларда болгон ресурстардын алкагында өзүнүн керектөөлөрүнө ылайык көмөктөшүүгө умтулушат.
2- берене
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - Меморандум) 1-беренесинде аталган кызматташуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Тараптардын жарандык коргонуу жана коргоо органдарынын ортосунда мыйзамдар, техникалык жана административдик аспекттер тууралуу маалымат алмашуусун.
2. Иштерди жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн ар түрдүү тармактарда күч-аракеттерди координациялоо максатында мезгил-мезгили менен жана зарылдыгына жараша чогулуучу ыкчам топторду түзүүнү.
3. Төмөнкүдөй максаттарга жетишүү үчүн биргелешкен талаа жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү:
a. Тараптар үчүн түз жана кыйыр тобокелдиктерди табуу;
b. ушул сымал тобокелдиктердин алдын алуу жана жоюу боюнча эң мыкты чараларды аныктоо;
c. табигый кырсык орун алган учурда Тараптардын ортосундагы байланыш ыкмаларын, жардам жана талап кылынган маалыматтар үчүн кайрылуунун ыкмаларын аныктоо.
d. жардам берүү учурунда персоналды, жабдууларды, жардам берүү буюмдарын ташуу ыкмаларын жана каражаттарын ж.б. аныктоо.
4. Тараптардын бири өткөргөн окутуу курстарына баруу жолу менен Жарандык коргонуу жана коргоонун персоналынын теориялык жана практикалык окуусуна көмөк көрсөтүү, ошондой эле Тараптардын жарандык коргонуу жана коргоо борборлорунда жана мектептеринде окутуу курстарын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.
5. Жарандык коргонуу жана коргоо жаатында Тараптардын ортосунда өрт өчүрүү, анын ичинде авиация, издөө, куткаруунун түрдүү каражаттары, ошондой эле кризис жана катастрофаларды башкаруу багытындагы болгон тажрыйбаларды максималдуу колдонуу үчүн тажрыйба алмашуу.
6. Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү жөнүндө Тараптардын жарандарынын кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен кампанияларды иштеп чыгуу.
7. Тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген ыкмалар менен региондук, эл аралык кеңешмелерди жана конференцияларды координациялоо.
3- берене
Ар бир Тарап, жардам көрсөтүүчү Тарапка таандык болгон персоналды, жабдууларды жана буюмдарды өзүнүн аймагына кирүүнү жана чыгууну жеңилдетүүгө, жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Жардам берүүчү Тарап кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарын, эрежелерин жана нускамаларын сактоого милдеттүү. Бул үчүн жардам көрсөтүүчү Тарап ушул максатта даярдалган маалыматтарды жактыруусу талап кылынат.
4- берене
Тараптардын биринин жардам көрсөтүү боюнча топтору башка Тараптын аймагында жүргөн убакта алардын колдонуудагы мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Мындай кызматташуу менен байланышкан чыгымдарды төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүү каралууда:
Жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Тараптын аймагына персоналды жана жабдууларды ташып жеткирүү, турак жай менен камсыздоо, персоналдын ден соолугуна кам көрүү жана саламаттык сактоо боюнча чыгымдарды, ошондой эле жумуш убагында жабдууларды эксплуатациялык жана техникалык жактан тейлөөнү өзүнө алат.
2. Бир тараптын жарандык коргонуу жана коргоо боюнча эксперттери жана кызмат адамдары башка Тарапка келген учурда барып-келүү боюнча чыгымдарды тартат, ал эми кабыл алуучу Тарап жашап туруу, ошондой эле жергиликтүү аймакта жолдо жүрүү чыгымдарын тартат.
3. Экинчи Тарапка стажерлорду жөнөтүүчү Тарап барып-келүү, жашап туруу, жергиликтүү аймакта жолдо жүрүү жана окуу боюнча чыгымдарды тартат, ошондой эле алардын өз аймагында турган мезгилинде талаптагыдай медициналык тейлөөнү камсыз кылууга милдеттүү.
5- берене
Эгерде зыян атайын келтирилбесе, анда кабыл алуучу Тарап жардам көрсөтүү боюнча операциянын жүрүшүндө жабдууларды иштетүү жана зыянга учуроо менен байланышкан чыгымдарды жана кабыл алынган каалагандай материалдык жардам боюнча эч кандай финансылык милдеттенмелерди тартпайт.
6- берене
Жалпы нускамалар жардам көрсөтүүчү Тараптын командалыгына багытталган, ошондой эле жардам көрсөтүүчү Тараптын персоналына кабыл алуучу Тараптын персоналы жана бөлүмдөрү аткарган кооптуу мүнөздөгү иш-чаралардан жогору болгон милдеттенмелер жүктөлбөгөн шартта операцияларды жүргүзүү, куткаруу жана дарылоо, ошондой эле мындай операциялардын приоритеттерин аныктоо кабыл алуучу Тараптын жарандык коргонуу жана коргоо командалыгына жүктөлүүсү зарыл.
7- берене
Кабыл алуучу Тарап жардам көрсөтүүчү Тараптын кызматкерлеринин кимиси тарабынан болбосун өздөрүнүн милдеттерин аткаруу мезгилинде үчүнчү жакка атайын зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле өздөрүнүн кызматкерлери тарабынан милдеттерин аткаруу мезгилинде үчүнчү жакка келтирген ар кандай атайын зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик тартат.
8- берене
Жөнөтүүчү Тарап өздөрүнүн милдеттерин аткаруу мезгилинде өзүнүн персоналына келтирилген кандай болбосун зыянга, ошондой эле ар кандай жоголгон жабдууларга жоопкерчилик тартат, мында эгерде бул жоготуу атайын болбогон учурда кабыл алуучу Тарапка кайрылууга укугу жок.
9-берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардан алынган ар кандай маалымат, аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн эмес.
10- берене
Тараптардын тиешелүү органдары изилдеөлөрдү жүргүзүүдө жарандык коргонуу жана коргоо органдарына алардын милдеттерин аткарууда жана зарыл болгон пландарды, айрыкча өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү пландарын иштеп чыгууда кызматташат.
11- берене
1. Тараптардын ортосунда кызматташтык программаларын ишке ашырууну пландоо жүктөлгөн ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.
2. Ведомстволор аралык комиссия Тараптардын алдын ала макулдашуусу боюнча кезеги менен чакырылат. Көрсөтүлгөн комиссияда төрагалык кылуу чогулушту кабыл алуу Тарапка таандык. Төрага жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин рангында же андан кийинки рангда болуусу тийиш.
12- берене
Ушул Меморандумдун 11-беренесинде аталган биргелешкен ведомстволор аралык комиссия Тараптардын ортосунда ушул Меморандумду чечмелөөдө же колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштарды тынчтык менен жөнгө салуу ниетин көздөйт. Эгерде аталган ведомстволор аралык комиссия өз ара макулдашууга келе албаса, айда Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу жөнгө салуу аракетин колдонушу мүмкүн.
13- берене
1. Ушул Меморандум Тараптардын бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу акыркы билдирүү жиберилген учурдан тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө чейин күчүндө калат.
14-берене
Тараптардын ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө ылайык ушул Меморандумдун колдонулушун токтото алат. Токтотуу мындай билдирүүнү алган күндөн алты ай өткөндөн кийин аяктоого тийиш. Ал ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтүндө берилген ар кандай суроо-талаптарга таасирин тийгизбейт.
20_____________-жылдын "_______"________ 144Н ________
төрт нускада: кыргыз, орус жана араб, англис тилдеринде кол коюлган; мында бардык тексттер бирдей аутенттүү. Чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тили артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтү үчүн