Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 13-марты № 78-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жана өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү процессин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку деңгээлдеги комиссия (мындан ары - Жогорку деңгээлдеги комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жогорку деңгээлдеги комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Жогорку деңгээлдеги комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку деңгээлдеги комиссиянын КУРАМЫ
Экономикалык маселелерди тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын жетекчиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;