Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 16-марты № 80-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 96-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Биргеликте "Тараптар", ал эми ар бири өзүнчө "Тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Тараптардын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсүнөн жана таралышынан коргоо үчүн бардык тийиштүү чараларды көрүү боюнча эки жактын ниетин эске алып,
1951-жылдагы Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциянын (мындан ары - Конвенция) жоболоруна (Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун конференциясынын 29-сессиясында кабыл алынган, жаңы кайра каралган тексти, 1997-жылдын ноябры) жана фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарга таянуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар карантиндик фитосанитардык контролдонууга тийиш продукция (мындан ары - карантинге алынуучу продукция) менен ташып келинүүчү карантиндик зыяндуу организмдерди Тараптардын аймагына алып кирүүгө жана таралышына жол бербөө максатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташат.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору карантиндик зыяндуу организмдердин жайгашкан жери же алардын таралышына түрткү бериши мүмкүн болгон бардык карантинге алынуучу продукцияга, анын ичинде топурак, топурагы менен өсүмдүк жана башка организмдер, объекттер же материалдарга, ошондой эле белек катары же илимий максаттарда ташып келинген карантинге алынуучу продукцияга карата колдонулат.
3-берене.
Карантиндик зыяндуу организмдер деп ушул Макулдашууда Тараптардын мамлекеттери үчүн кооптуу болгон жана Тараптар зыяндуу карантиндик организмдердин расмий тизмесине киргизген өсүмдүктөрдүн зыянкечтери, өсүмдүктөрдүн илдеттеринин козгогучтары жана отоо чөптөр түшүнүлөт.
4-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруучу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын атынан - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти;
- Түркия Республикасынын атынан - Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министрлиги, Азык-түлүк жана контролдоо башкы башкармалыгы.
5-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары:
- жаңы карантиндик зыяндуу организмдердин пайда болушу жана таралышы, ошондой эле аларга каршы күрөшүү чаралары жана Тараптардын аймактарына алардын таралышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө бири-бирине маалымат беришет;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймагында колдонулган жана карантинге алынуучу продукцияны ташып кирүүнү, ташып чыгууну жана транзитин жөнгө салуучу расмий документтер менен алмашып турушат, ошондой эле аларга киргизилген бардык өзгөрүүлөр тууралуу бири-бирине маалымат беришет;
- карантиндик зыяндуу организмдердин тизмелери менен алмашып турушат жана аларга киргизилген бардык өзгөрүүлөр тууралуу бири-бирине маалымат беришет;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатында өз ара илимий жана техникалык жардам көрсөтүшөт.
6-берене.
Бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташып келинүүчү же бир Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына транзит менен ташып өтүлүүчү карантинге алынган продукциянын ар бир партиясы Конвенция тарабынан белгиленген үлгүдөгү, импорттоочу Тарап аныктаган карантиндик фитосанитардык талаптарды сактоо менен тийиштүү Тараптардын компетенттүү органдары бере турган фитосанитардык сертификат менен коштолушу зарыл.
Тараптардын компетенттүү органдары карантинге алынуучу продукциянын партияларына, анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдердин кирүү тобокелдиги мүмкүн болбогондой шартта иштелип чыккан таңгактоо материалдарына, же фитосанитардык чаралардын колдонулушу талап кылынбаган башка материалдардын партияларына фитосанитардык сертификаттарды талап кылбоого тийиш.
Фитосанитардык сертификат болгон учурда да Тараптардын компетенттүү органдары карантинге алынуучу продукцияны өздөрүнүн тиешелүү эрежелеринин фитосанитардык талаптарына ылайык контролго алууга укугу бар.
Тараптардын компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташыла турган карантинге алынуучу продукция өндүрүлгөн, кайра иштетилген, сакталган жана таңгакталган жерди чогуу текшерүүгө, ошондой эле фитосанитардык контролдоо системаларын текшерүүгө укуктуу.
7-берене.
Импорттолуучу карантинге алынган продукция Тараптардын карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкеш келбеген учурда, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык карантиндик фитосанитардык чаралар колдонулат.
8-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары мамлекеттин аймагынан чыгарылып кеткенге чейин экспорттолуучу карантинге алынган продукциянын партияларынын фитосанитардык абалына жооп берет.
Карантинге алынуучу продукцияны бир Тараптын мамлекетинин аймагынан башка Тараптын мамлекетинин аймагына ташып чыгуу (ташып кирүү, транзити) тийиштүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аныкталган мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
9-берене.
Карантинге алынуучу продукцияны экспорттоодо карантиндик зыяндуу организмдер болбогон жаңы таңгак колдонулууга тийиш. Таңгакта жана таңгактоочу материалдарда топурак болбошу керек. Чөп, саман, топон, таарынды, жалбырак жана башка өсүмдүк материалдарын таңгак катары колдонууга болбойт.
Карантинге алынуучу продукцияны ташууда колдонулган транспорт каражаттары кылдаттык менен тазаланууга жана зарылдыгына жараша жугушсуздандырылууга тийиш.
10-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу практикалык маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатындагы эки жактын тең илимий жана практикалык кызыгуусун жараткан маселелер боюнча жумушчу жолугушууларды, семинарларды жана стажировкаларды өткөрүү максатында бири-бири менен түздөн-түз байланыша алышат.
Тараптардын компетенттүү органдары жылына бир жолудан кем эмес биргелешкен кеңешмелерди өткөрүшөт же делегациялар менен алмаша алышат. Адистердин жол кире жана жатакана чыгымдарын жөнөткөн Тарап төлөйт.
Кеңешменин өтө турган жери, мөөнөтү жана программасы Тараптардын компетенттүү органдары менен макулдашып аныкталат.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Түркия Республикасы жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
Ушул Макулдашууну колдонууда же чечмелөөдө Тараптардын ортосунда келип чыккан талаштар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана/же өз ара сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделет. Киргизилген өзгөрүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 12-беренесинде аталган жол-жобого ылайык күчүнө кирет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
12-берене.
Ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон бардык мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптар бири-бирин билдире турган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып ушул Макулдашуу күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурда экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлабаса, ушул Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашууга өзүнүн Өкмөтү ыйгарым укук берген ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кол коюлат.
2020-жылдын "___" ________________ шаарында кыргыз, түрк, англис жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда чечмелөө максаттары үчүн англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |