Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 80-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-марты № 96-б
1. Кыргыз Республикасьшын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнун ортосундагы Өсумдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасьшын айыл чарба жана мелиорация министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Туркия Республикасынын Өкмөтү,
Өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо боюнча эл аралык конвенцияга ылайык есумдүктөрдү карантиндөө жана коргоо жаатында эки таратуу кызматташууну өнуктүрүүгө умтулушуп,
Карантиндик зыяндуу организмдердин тарап кетишин болтурбоо үчүн кызматташуунун маанилуулугун моюнга алышып,
Өсүмдүктөрду карантиндөө жана коргоо жаатындагы кызматташууну колдошуп жана өнүктүрүүгө көмвктөшүү менен, тараптардын ортосундагы соодалык-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана соодалык макулдашууларды ишке ашыруу процессинде өз аймактарында карантиндик факторлордун пайда болуу жана жайылуу чөйрөсүндө өз ара кызыкчылыктарды коргоо жолу менен мамлекеттик иш-чараларды координациялоонун приоритеттерин аныкташып, Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптардын ушул Макулдашуунун ишин жана аткарьишшын координациялоочу компетенттуу органдары төмөнкүлөр болушат:
Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
Туркия Республикасынан - Тамак-аш азыктарынын сапатын текшеруу боюнча генералдык башкармалык.
2-берене
Тараптар зыяндуу карантиндик организмдердин тизмесин бири-бирине берүүгө жана экспорт жана импорт процесстеринде Тараптардын чек араларынан өтүүдв чек арадагы өсүмдүктөрдүн карантини пункттарында ошол тизмелерге киргизилген зыяндуу организмдерге карата карантиндик санитардык-карантиндик контроль жүргүзүүгө милдеттенишет.
Продукциянын ээси Тараптар белгилеген карантиндик тарифтерге ылайык есүмдүктөр жана өсүмдүктөн алынуучу карантиндик азык-түлүктөр боюнча карантиндик жыйымдар учун жоопкерчиликти алууга милдеттенет.
3- берене
Тараптар бир мамлекеттен экинчи мамлекетке жиберилген өсүмдүктөрдү жана өсумдүктөн алынуучу карантиндик азык-түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо процессинде Тараптардын мамлекеттеринин өсүмдүктөрдүн саламаттыгына байланыштуу мыйзамдарын сактоого милдеттенишет.
4-берене
Өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо жаатында жемиштуу кызматташууну камсыздоо максатында Тараптар төмөндөгү шарттарды аткарууга милдеттенишет:
- экспорт жана импорт процесстеринде карантиндик өсүмдүктөрдү жана өсүмдуктөн алынуучу азык-тулукторду ташууда карантиндик зыяндуу организмдердин бир мамлекеттин аймагынан экинчи мамлекеттин аймагына өтүшүн (киришин) болтурбоо үчүн керектүү чараларды көрүүгө;
- өсүмдүктөрдү карантиндеө жана коргоо жөнүндө Тараптардын мыйзамдары жөнүндө маалыматтарды алмашып турууга;
- өздөрүнүн мамлекеттеринде карантинге алынууга тийиш болгон зыяндуу организмдердин пайда болгону жана жайылганы жөнүвдө маалыматтарды алмашып турууга;
- өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо жагындагы илимий иштелмелер женүндө маалыматтарды алмашып турууга;
- зыяндуу организмдерге каршы күрөшүүдө жана бул маселе боюнча маалымат алмашуу максатында биологиялык препараттарды, энтомофагдарды, феромондорду жана есумдутстерду коргоонун башка каражаттарын ез ара беришип турууга;
- көбүнчө өсүмдүктөр жана өсүмдүктөн алынуучу азык-тулүктөр өндүрүлүүчү жана сакталуучу жерлерде карантиндик зыяндуу организмдерге карантиндик контроль жасоого, чек ара пункттарында өсүмдүктөрдүн карантини маселесин тез арада чечүүгө, ошондой эле есумдүктөрдү карантиндөө жана коргоо жагында эксперттерди жана илимий иштелмелерди алмашып турууга;
- өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо жагындагы изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, маалыматтарды алмашуу жана карантиндик зыяндуу организмдердин чордондорун аныктоо, аларды контролдоо жана жок кылуу маселеси боюнча кенешмелерди өткөрүү жолу менен өз ара байланышта иш алып барууну камсыздоого;
- өзгөчө кырдаал мезгилинде Тараптардын бирөөнүн суранычы боюнча тез чара көрүү учун өсүмдүктордү карантиндөө жана коргоо адистеринен турган техникалык миссияларды дайындоого.
5-берене
Өсүмдүктөр жана өсүмдүктөн алынуучу азык-түлүктөрдүн ар бир партиясы бир Тараптын мамлекетинин аймагьшан башка Тараптьш мамлекетинин аймагана экспорттоодо Өсүмдүктердү карантиндөө жана коргоо боюнча эл аралык конвенция белгилеген формадагы, англис тилиндеги, Тараптардын мамлекеттеринин өсүмдүктөрдүн карантини жагындагы ыйгарым укуктуу органы берген Фитосанитардык сертификат менен милдеттүү тартипте коштолот. Аталган Сертификат өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөн алынуучу азык-түлүктөрдү импорттоочу Тараптын өсүмдүктөрдүн саламаттыгы боюнча мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
Фитосанитардык сертификатка жана импортту контролдоого байланыштуу жыйымдарды азьгк-түлүктүн ээси Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында кабыл алынган тарифтерге ылайык өз мойнуна алат.
Тараптардын компетенпүу органдарында өсүмдүктөргө жана өсүмдүктөн алынуучу азык-түлүктөргө карата, ошондой эле аталган есүмдүкгердүн саламатгыгына карата кошумча чараларды көрүү укуту сакталат.
Өсүмдүктөрдун жана өсүмдүктөн алынуучу азык-түлүктөрдүн ар бир партиясы бир Тараптьш мамлекетинин аймагьшан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына транзит менен ташууда Фитосанитардык сертификат жана Транзиттик лицензия менен коштолот.
6-берене
Өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктен алынуучу азык-түлутстврдү экспорттоодо упаковкалык материал катары пайдалануу үчүн зыяндуу организмдерди камтышы мумкун болгон тоюттарды, сабактарды, саманды, кабыктарды, өсүмдүктүн калдыктарын жана башка заттарды колдонууга болбойт.
Тараптар бири-бирине экспорттоочу товарларды упаковкалоодо зыяндуу организмдер жана аны алып жүрүүчүлөрү жок таза материалдарды пайдаланууга тийиш.
Өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөн алынуучу азык-түлүктөрдү бир Тараптын мамлекетинин аймагьшан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташууда пайдаланылуучу транспорттук каражаттар кьшдат тазаланууга, керек болсо дезинфекцияланууга тийиш.
7-берене
Тараптардын компетенттуу органдары экспорттогон мамлекеттин чек ара пунктунда өсүмдүктөрдүн тазалыгын текшерүүдө карантиндик зыяндуу организмдер чыкса, карантинге алынуучу есүмдүктөрдү жана өсүмдүктөн алынган азык-тү.дүктөрдү кайра артка жиберүүгө же жок кылууга, же есүмдүктөрдүн ден соолугун сактоо боюнча башка керектуу чараларды көрүүгө укуктуу.
Тараптардын компетенттуу органдары экспорттогон мамлекеттин чек ара пунктунда өсумдүктөрдүн тазалыгын чек арада текшерүү учурунда карантинге алынбоочу зыяндуу организмдер табылган учурда өсүмдүктордү жана өсүмдүктөн алынган азык-түлүктврду экспорттогон мамлекетке кайра артка жиберүүгө, же ал азык-түлүктөрдүн ээсин аларды зыянсыздандырууга милдеттендирүүгө укуктуу.
8-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу практикалык маселелерди чечүү учун Тараптардын компетенттуү' органдары зарылдыгына жараша эки мамлекетте кезеги менен өткөрүлүүчү биргелешкен кеңешмелерди уюштурушат. Биргелешкен кеңешмелерди өткерүүге кеткен баардык чыгымдарды Тараптар өздөрү төлөшөт.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда пайда болгон талаш-тартыштар Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча сүйлөшүу жана консультация жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашууга Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча каалаган убакта өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мумкун.
Макулдашылган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс белугу болуучу жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү протоколдор менен таризделет.
9-берене
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардьш укуктарына жана милдегтерине тиешеси болбойт.
10-берене
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аяктаганы жөнүндө дипломатиялык жолдор аркылуу бири-бирине кабарлашкан жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алышкан күндөн баштап күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу 5 жыл бою күчүндө болот. Ар бир Тарап экинчи Тарапка Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтүн токтотоордон 6 ай мурун дипломатиялык жолдор аркылуу каалаган убакытта жазуу жүзүндө кабарлайт. Эгерде Тараптардын эч бири экинчи Тарапка Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети жөнүнде Макулдашуунун жарактуулук мөөнетүн токтотоордон 6 ай мурун дипломатиялык жолдор аркылуу кабарлабаса, ушул Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү кийинки 5 жылдык мезгилге өзүнөн-өзү узартылат.
2015-жылдьш "____" ______________________ шаарында ар бири кыргыз, түрк жана англис тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Айдаралиев Таалайбек Алимбекович, Айыл чарба жана мелиорация министри | Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Мехмет Мехди Экер, Азык-түлүк жана мал чарба министри |