КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-марты № 105-б
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылаган "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-февралындагы № 15-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңештин курамында:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Финансы-экономикалык блокту тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;";
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 8-пункттун биринчи абзацы жаңы редакцияда баяндалсын:
"8. Координациялык кеңештин төрагасы болуп финансы-экономикалык блоктун маселелерин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри саналат".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |