КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-февралы № 15-б
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 105-б буйругунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 227-т тескемесинин редакцияларына ылайык)
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылаган "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу" долбоорун башкаруу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 227-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
"Мамлекеттик камсыздоо уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).