Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 12-ноябры № 369-б
Бишкек шаарында 2020-жылдын 13-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарынын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Н.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ноокат шаарынын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Момунов Сайпидин Эсеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, делегациянын башчысы; |
Амандыков Марлен Ленарович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Тайлаков Кенешбай Доскулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Омуралиев Эрмек Социалович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору; |
Ободоев Достукбек Абдыгапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Мамасыдыков Нурбек Бекболотович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасына мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу; |
Мукаматов Тынчтык Мукаматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы жана тарифтик саясаты башкармалыгынын эл аралык бажылык жана салыктык мамилелер бөлүмүнүн башчысы; |
Умтулов Нурлан Джумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Акынбеков Алмаз Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрүн башкарууну тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Нурдинов Жоомарт Амадалиевич | - | Ноокат шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Камалов Замирбек Эсенбаевич | - | "Ноокат суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |