РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 384-б (Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү) буйругу

Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 25-ноябры № 384-б

Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (2-иш-чара) максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (2-иш-чара) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

А.Э.Новиков

 

 

 

Тиркеме

 

Каржылоо механизми жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) алкагында, Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын колдоого багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (2-иш-чара) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

 

Момунов Сайпидин Эсеналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Ахматов Султан Маматович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Ободоев Достукбек Абдыгапарович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору;

Динара Дуйшенкул кызы

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;

Баянбек Тилек

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдарды координациялоо башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Ашимбаев Сабыркул Абасович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Мамбеткулова Асель Жекишовна

-

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).