Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2021-жылдын 9-февралы № 48
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| У.А.Марипов |
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары.
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;