Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 8-январы ПТ № 14 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 26-апрели № 103-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 30-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - экономика жана финансы министрине;
- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына.
2. Башкаруучунун альтернаты болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
- Азия өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Эл аралык валюта фондунда, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин тышкы блокту тейлөөчү орун басары.
Премьер-министр |
| У.Марипов |