Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 8-февралы ПТ № 14
"Эл аралык финансы уюмдарында Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын атынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөндөгүлөргө жүктөлсүн:
1) Азия Өнүктүрүү банкында, Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Ислам өнүктүрүү банкында, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде - Кыргыз Республикасынын Финансы министрине;
2) Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;
3) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрине.
2. Башкаруучунун альтернаты катары төмөндөгүлөр аныкталсын:
1) Эл аралык валюта фондунда, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
2) Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
3) Азия Өнүктүрүү банкында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык кепилдик агенттигинде, Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 11 буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги № 103-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |