КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 24-сентябры № 205-т
2019-жылдын 28-мартында кол коюлган Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2019-жылдын 28-мартында кол коюлган Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын (мындан ары Жол картасы) ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия).
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жол картасынын иш-чараларын ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык комиссияга "Газпром" коомдук акционердик коомунун өкүлдөрү менен Жол картасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле ишке керектүү маалыматтарды сурап алууга укуктуу деп белгиленсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине жүктөлсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 183-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 424-б буйругу.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Төрага | У. А.Марипов |
|
| Тиркеме |
Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары: Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча).