Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-ноябры № 273-т
2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасып реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 187 Мыйзамы менен ратификацияланган) алкагында Жалал-Абад облусунун “Суу-Канал” Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасы тарабынан алынган мамлекеттик зайым каражаттарын кайтарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 234-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-мартында жана 20-сентябрында 24 бирдей бөлүк менен төлөнөт, ошол эле учурда кредиттин биринчи төлөмү - 2023-жылдын 20-сентябры, кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2035-жылдын 20-марты;”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте бул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Жапаров |