Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы N 487-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2022-жылдын 27-январы № 30-т

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 329-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Шаршенбек уулу Саматбек

-

мамлекеттик сатып алуулар боюнча көз карандысыз эксперт;

Абазганов Улугбек Эльмирбекович

-

"Барион" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Джумабаев Дайыр Эсенгулович

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын "Кыргызэкспертиза" департаментинин жетекчисинин орун басары;

Турдубекова Кундуз Аманакуновна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы;

Дамир кызы Айпери

-

мамлекеттик сатып алуулар боюнча көз карандысыз эксперт;

- даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамынан А.Б.Чыналиева, К.Советов, Г.М.Токтогулова, А.А.Абдрахманов, Р.К.Байболотов, А.А.Накенов, Б.А.Жапаров чыгарылсын.

 

Төрага

А.У. Жапаров