Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-апрели № 222-т
"2017-жылдын 10-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2017-жылдын 10-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрдагы № 352-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3, 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду Кыргыз Республикасындагы фермерлерге - сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө зайым түрүндө берилген каражаттардын толук кайтарылышын камсыз кылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоор боюнча кайтарылуучу каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында эсеп ачсын.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептеринде топтолгон кайтарылуучу каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд аркылуу төмөнкүдөй шарттарда сүт секторун андан ары рекредиттөөгө тийиш деп белгиленсин:
1) максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;
2) кредиттин суммасы - сүт өндүрүүнү жүзөгө ашырган же иши сүт өндүрүүгө багытталган айылдык товар өндүрүүчүлөргө 500000 (беш жүз миң) сомдон ашык эмес;
3) сүт өндүрүүнү жүзөгө ашырган же иши сүт өндүрүүгө багытталган фермердик чарбаларга - 1000000 (бир миллион) сомдон ашык эмес;
4) кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;
5) кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;
6) кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;
7) финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;
8) күрөөлүк камсыздоо;
9) кепилдик берүү менен 150000 (жүз элүү миң) сомго чейин кредит берүү каралат;
10) кепилдик берүүчүлөр ушул пунктта белгиленген шарттарга ылайык келүүгө тийиш.".
2. "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомуна бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго фермерлер - сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү менен зайым жөнүндө зарыл болгон келишимдерди өткөрүп берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул тескеменинин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |