Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-марты ПТ № 43
(КР Президентинин 2023-жылдын 11-октябрындагы ПТ № 199, 2023-жылдын 16-ноябрындагы ПТ № 223, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
"Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын ишине көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ ыкчам тартипте төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- эки жумалык мөөнөттө жер мунапысын жүргүзүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында алардын ишине туруктуу мониторинг жүргүзсүн, отчетторун уксун жана алардын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган башка чараларды көрсүн;
- жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишине тоскоол болгон проблемаларды четтетүү үчүн зарыл болгон чараларды өз убагында көрсүн;
- ай сайын жер мунапысын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин;
- ведомстволор аралык жумушчу топко анын иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди өзүнүн ишине тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- өз компетенциясынын чегинде жер мунапысын натыйжалуу жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн, көрсөтүлгөн багыттагы жооптуу кызмат адамдарынын ишинин сапатын өзгөчө контролго алсын;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, зарыл болгон документтерди, маалымдамаларды жана маалыматтарды өз убагында берсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ушул тескемени аткаруу боюнча ишти талаптагыдай уюштургандыгы үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишин жер мунапысын жүргүзүү аяктаганга чейин жүргүзөт деп аныкталсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.