Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №187
Жергиликтүү бюджеттен
кошумча акча каражаттарын
бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 25-апрелиндеги №12- жана 2014-жылдын 20-майындагы №13-токтомдорун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мекеме-уюмдарга жана атуулдарга кошумча 20 895300 сом акча каражатын №1-тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык парктар башкармалыгы тарабынан атракциондорду сатып алууга жергиликтүү бюджеттен алынган 11 200,0 миң сомдук бюджеттик ссуданы атракциондор муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу жоюуга макулдук берилсин.
3. Соттун чечимин аткаруу үчүн Ош шаарынын мэриясынын өнөр жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери К.Мурзакуловага эмгек милдеттерин аткаруу учурунда ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн компенсация түрүндөгү 441653 сом акча каражатын Ош шаардык мэриясынын өнөр жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгы жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу комитети бириктирилгендигинин натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы кезектеги XVIII сессиясынын № - токтомуна №1-тиркеме |
-19,0 млн. сом (520,0 миң сом март айынын карызы) акча каражатын Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына анын ичинен; 1747,0 миң сом Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын аппаратына 2014-жылга бекитилген сметада эмгек акы жана Социалдык фондко чегерүү беренелеринин үнөмдөлгөн каражатынын жана 1053,0 миң сом Ош шаарындагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын, «Боорукердик» үй-интернатынын 2014-жылга бекитилген сметаларында социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларынын жогорулашына каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн суммасынан, калган 16200,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндө бекитилген пландын ашыкча аткарылышынын эсебинен Ош шаарындагы мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына тамак-аш уюштуруу үчүн 2014-жылдын 1-апрелинен каржылоого;
-394,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматына: анын ичинен; 250,0 миң сом акча каражатын видео камера сатып алууга жана 144,0 миң сом акча каражатын аталган кызматтын кызматкерлерининин эмгек маянасына 2014-жылдын 1-июлунан 50 пайыздык кошумча төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Себат» түрк лицейинин окуучусу Э.Жалиеванын Индонезия өлкөсүндө боло турган эл аралык олимпиадага катышуусу үчүн жол киресине жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Себат» түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Айзада Абакирге Голландия мамлекетинде өтүүчү эл аралык «Инеспо» долбоорлор конкурсуна барып келүү жол киресине жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен;
-55,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Ж.Жумабаеванын бөйрөгүнө Москва шаарында операция жасатууга жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун алдында түзүлгөн «Арууке» бийчилер тобунун 2014-жылдын 20-26 майында Турция мамлекетинде эл аралык конкурска катышып келүүсүнө жардам иретинде жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен;
-150,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин маркум депутаты Х.Ишматовдун үй-бүлөөсүнө материалдык жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө бекитилген пландын ашыкча аткарылышынын эсебинен;
-50,0 миң сом акча каражатын Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык башкармалыгына офистик эмеректерди жана оргтехника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө бекитилген пландын ашыкча аткарылышынын эсебинен;
Жыйынтыгы: 19 749,0 миң сом акча каражаты.
-146300 сом акча каражатын Ош шаарынын 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 6 айдын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен Ош шаардык мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын Жапалак аймактык Кеңешине бекитилген 3 ветеринардык адисин жергиликтүү бюджеттен 2014-жылдын III кварталынан кармоо үчүн;
-1,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарынын 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 6 айдын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын техникалык жактан иштен чыккан автоуналарын оңдоо үчүн.
Жыйынтыгы: 1 146300 сом акча каражаты.
Жалпы сумма: 20 895 300 сом акча каражаты.
Ош шаардык Кеңешинин Аппарат жетекчиси: |
С.Маматалиева |