Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28 –майы №189
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин
2012-жылдын 17-августундагы №31-токтому
менен бекитилген турак-жай бөлүштүрүү
боюнча шаардык комиссиянын курамына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 2-майындагы чыгыш № 119/08-6- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 17-майындагы отурумунун №11-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №31-токтому менен бекитилген турак-жай бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын курамына №1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин (№1-тиркеме тиркелет).
2. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
5. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 28-майындагы кезектеги XVIII-сессиясынын № 189-токтомуна №1-тиркеме |
1.Ормонов Ж. | - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы; |
2.Мамбетов К. | - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
3.Турдубай уулу А. | - Ош шаардык Кеңешинин депутаты; |
4.Раимжанов Т. | -Ош шаардык Кеңешинин депутаты; |
5.Иминов А. | - Ош шаардык Кеңешинин депутаты; |
6.Омурзакова Т. | - Ош шаардык Кеңешинин депутаты; |
7.Пирматов А. | –Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин башчысынын орун басары; |
8.Айтбаев Б. | - Ош шаарынын мэриясынын шаар курулуш, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
9.Токтосунов Б. | - Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармалыгынын аппарат башчысы; |
10.Абылкасымов К. | - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын картография секторунун башчысы; |
11.Дыйканов Б. | - Ош ШИИБнын башчысынын адистер боюнча орун басары ; |
12.Борбиева Г. | – «Мээрбан» кризистик борборунун жетекчиси (макулдашуу менен); |
13.Закиров Н. | - Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
14.Кудайбердиев Р. | – Ош шаардык аймактык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары; |
15. Карыбеков М. | – 2010-жылдын июнь айында болгон коогалаңдын жабырлануучусу; |
16.Жолдошбаев К. | - Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин турак-жай бөлүмүнүн башчысы комиссиянын катчысы; |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С.Маматалиева |