Редакцияот 26.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги

XVII – сессиясы (4-чакырылыштагы)

2013-жылы 26-декабры №7

«Ж. Атабаев орто мектебинин парта,

стол, стулдарын С. Нышанбаев орто

мектебине өткөрүп берүү жөнүндө».

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р. Назаровдун макулдугунун жана Кызыл-Суу айылдык аймагынын башчысы Н. Абдраевдин Отуз-Адыр айылдык аймагына жолдогон катынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы Ж. Атабаев орто мектебинин эски парта, стол, стулдарын Кызыл-Суу айыл аймагындагы С. Нышанбаев орто мектебине өткөрүп берүү жагы Отуз-Адыр айылдык өкмөтүнөн суралсын.

2.   Эмеректерди баланстан баланска өткөрүп берүү тартибинде жүргүзүлсүн.

3.   Жогорудагы токтомду аткаруу максатында 9 адамдан турган комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет).

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ташматовго милдеттендирилсин.

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

С.Базарбаев

 

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин

кезектеги  XVII-сессиясынын 

№_7__токтомуна тиркеме.

Ж.Атабаев орто мектебинин парта, стол,стулдарын С. Нышанбаев орто мектебине өткөрүп берүү боюнча комиссиянын курамы.

1. Аликулов Таалай -  Отуз-Адыр айыл өкмүтүнүн башчысынын орун басары – комиссиянын төрагасы.

2.  Маликов Турдали -  Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн юристи, -  комиссиянын мүчөсү.

3. Атакулова Гүлүйпа – Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсепчиси – комиссиянын мүчөсү.

4. Апишев Хурбай –. Атабаев орто мектебинин директору - комиссиянын мүчөсү.

5. Сайдуллаев Айтали – айылдык кеңештин депутаты - комиссиянын мүчөсү.

6. Жияналиев Рустам - Атабаев орто мектебинин завхозу - комиссиянын мүчөсү.

7. Орозбаев Куштарбек – С. Нышанбаев орто мектебинин директору - комиссиянын мүчөсү.

8. Досматов Нурсеит - С. Нышанбаев орто мектебинин завхозу - комиссиянын мүчөсү.

9. Сулекеев Айдар  -  Кыш-Абад айылынын айыл башчысы, - комиссиянын мүчөсү

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин катчысы:

 

Зикиров А.