Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014- жылдын 5-марты №12-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 токтому менен бекитилген, кайра бөлуштурүү жерлеринин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнундөгү жобосуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-берене 4-бөлүмүнүн жетекчиликке алып айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү тартибин аныктоо жана айыл өкмөтүнүн жарандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жер аянттарынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 2014-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 684 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд (АЧЖФ) жерлери бар. Анын ичинен суулуу 278 га , кайрак 368 га, бак 37 га. Ошол фонд жерлер айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык, Ак-Терек, Ак-Чал, Кызыл-Булак, Баглан, Таш-Булак айылдарында жайгашкан.Ошол айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд (АЧЖФ жерлеринен туура пайдалануу, жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин мыйзам чыгаруу жыйыны бекиткен айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 жобосуна ылайык аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун , Ооган согушунун , Баткен коогаланынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына),айыл өкмөтүнүн жарандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жер аянттарынын өлчөмүн бекитип берүү максатында депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин мыйзам чыгаруу жыйынында бекитилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖФ жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 талабына ылайык ижарага берилсин.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү боюнча комиссиянын составы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлерин (АЧЖФ) 1,0 га жеринин суулуу жана кайрак айдоо, көп жылдык бактардын баштапкы баасы айылдар жана участкалар боюнча соц.фонд взносторун, жер салыгынын жана ижара акысын кошуп эсептегенде төмөнкүчө бекитилсин:
Баглан , Таш-Булак айылдары боюнча.
1. Багландын астынкы бөлүмү -2300-2500 сом
2. Багландын үстүнкү таштак бөлүмү- 2300 сом
3. Баглан үч бурчтек бөлүмү-3000 сом
4. Көп жылдык бак – 20 000 сом
5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кайрак айдоо жерлери боюнча-500-1000 сом.
6. Көп жылдык бак (тыт) 2400 сом
Ак-Чал , Кызыл-айылы айылдары боюнча
1. Баглан саз бөлүмү 2500 сом
2. Куммайдандын үстүнкү бөлүгү 3000 сом
3. Куммайдандын асты 2500 сом
4. Чымчык-Жар 2300 сом
5. Көп жылдык бак (тыт) – 2400 сом
Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдары боюнча.
1. Жалгыз –өрүк бөлүмү- 2300-2500
2. Арык-Тейиттин асты-1500-2500сом
Кожо-Арык айылдары боюнча.
1. Каравандын жолу Кайрагач бөлүмү-2000-2200 сом
2. Көп жылдык бак 20 000 сом
3. Көп жылдык бак (тыт) 2400 со
4. Жаны-Арык бөлүмү1500-2000 сом
4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖФ жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогаланынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына) жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү, айыл өкмөтүнүн фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |
| “Б Е К И Т Е М И Н” ____________________________А.Ажибаев Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин V- чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 12- сессиясынын № 12-2 токтомуна тиркеме |
Комиссиянын төрагасы: Разаков М. – айылдык Кенештин депутаты.
Катчысы: Жээнбаева А. – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
Мүчөлөрү: Боркош уулу Дамир-айылдык кенештин депутаты.
Жунусов Р. – айылдык кенештин депутаты.