Редакцияот 06.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 6-июну № 45/13-6

“Кара-Көл шаарынын 2014-жылга

шаардык бюджети  жана 2015-2016

жылдарга болжолу жөнүндө”

Кыргыз   Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башаруу жөнүндө”, “ Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга  болжолу жөнүндө” мыйзамдарынын тиешелүү  беренелеринин талаптарына ылайык “Кара-Көл шаарынын 2014-жылга шаардык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Т.Осмонкуловдун докладын, шаардык салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Т.Т.Муратовдун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика  жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп, талкуулап шаардык кеңештин кезектеги XIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаарынын 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 15.01.2014-ж. № 14-02-2/327 сандуу катынын негизинде жеткирилген максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине киргизилген 73 446,0миң  сом суммасында бекитилүүсү жана шаардык бюджеттин макети ушул суммага балансташтырылып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылуусу эске алынып, Камбар-Ата ГЭСине байланыштуу жана шаардагы кичи кредиттик компаниялар жана  башка мекеме-ишканалардын  иш көлөмдөрүнүн салыктык базаларынан чыккан сатуудан алынуучу салыктын көлөмүн 25 575,0миң сомдун ордуна 32 631,0миң сом, же 7 056,0 миң сомго кошумча көбөйтүп, жыл ичинде бул сумма Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган планга киргизилүүсү  белгиленип, шаардык бюджет 80 502,0миң сом суммасында балансташтырылып № 1,2,3,4, 5,6,7-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кара-Көл шаарынын 2015-2016-жылдарга шаардык бюджетинин негизги параметрлеринин  болжолу   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 15.01.2014-ж. № 14-02-2/327 сандуу   катынын негизинде Кыргыз республикасынын республикалык бюджетине киргизилип жеткирилген максаттуу көрсөткүчтөрдү  эске алуу менен  № 1- тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин талаптарынын негизинде шаардык бюджетти камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо, балансташтыруу максатында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик  шаардык мэрияга ( Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмүнө ( Ж.Т.Осмонкулов),шаардык салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгына (Муратов Т.Т.) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына ( Сарбалаев К.С.) жүктөлөөрү белгиленсин.

4. Шаардык салыктар жана жыйымдар  башкармалыгы (Муратов Т.Т.) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыктары тарабынан ( Сарбалаев К.С.) салыктар жана жыйымдар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрүнүн пландары салыктык, жыйымдык базалардын аздыгынан жоготууга учуроо жагдай пайда болсо эсеп - кысап, анализдерин шаардык  мэрияга жана шаардык  каржы  бөлүмүнө  оперативдүү түрдө  билдирүүлөрү, ал эми шаардык мэрия ( Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) берилген аргументтердин негизинде шаардык кеңешке шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунуштарын берип, тиешелүү токтом чыгартуулары белгиленсин.

5. Шаардык каржы бөлүмүнө:

5.1. “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга  болжолу жөнүндө” мыйзамынын 6 –беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык шаардык бюджеттин 2014-жылга каралган чыгымдарын  каржылоону биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак-аш, жеңилдиктер), коммуналдык кызматтар боюнча жүзөөгө  ашыруусу, ал эми калган чыгымдарды приоритеттүүлүгүнө жараша бюджеттин балансташканын эске алуу менен жүргүзүүсү сунушталсын;

5.2. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинин талабына ылайык жыл ичинде оперативдүү, тез аранын ичинде чечилүүчү маселелерди бюджеттик мекемелердин беренелериндеги каражаттарды (коргоого алынган беренелерден сырткары) алардын өтүнүчтөрүнүн негизинде беренеден беренеге жылдыруу жолу менен бюджеттин балансташканын эске алып каржылап берүүгө уруксат берилсин, ал эми бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жана каржылоону шаардык кеңештин чечими менен гана ишке ашырылуусу белгиленсин;

5.3. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесинин талабына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге (шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган оьбектилерди эске албаганда) шаардык бюджеттен каражат бөлүп берүүгө, каржылоого жол бербөө жагы милдеттендирилсин.  

6. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинин талабына ылайык пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип, айдын, кварталдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча жыйналган каражаттарды кийинки айдын, кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо шаардык каржы бөлүмүнө сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  мыйзамынын 10,16,18-беренелеринин талаптарына ылайык муниципалдык объектилерди эффективдүү  башкаруу, эксплуатациялоо, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, кошумча жумуш орундар жана салыктардын шаардык бюджетке калуусун камсыз кылуу максатында  Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө “ мыйзамынын талаптарын бузууга жол бербестен, шаардык бюджеттин 2014-жылга  бекитилген  атайын  спецификалык талаптар  талап  кылынбаган ремонт, курулуш иштерин шаардык  муниципалдык менчик башкармалыгынын өздүк күчү менен сапаттуу, натыйжалуу аткарууга шаардык мэрияга уруксат берилсин.

8. Бул токтомдун № 7- тиркемесиндеги шаардык мэриянын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планында, же “ Өнүгүү бюджетинде” каралган 22584,4миң сомдук  каражат  шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү  беренеси аркылуу мыйзам чегинде каржылануусу белгиленсин.

9. “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу” жөнүндө мыйзамынын 14-беренесинин талабына ылайык бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны  аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын жана көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынаары белгиленсин.

10. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 21-беренесинин талабына ылайык жалпы шаардык бюджеттин чыгымдарынын (атайын каражатсыз) көлөмүнүн 0,5 ( нөл бүтүн ондон беш) пайызы же 386,0миң сом өлчөмүндө шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин резервдик фонду түзүлсүн жана анын 251,0миң сому шаардык мэриянын, 135,0миң сому шаардык кеңештин резервдик фонду болуп бекитилсин жана “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 46-беренесинин талабына ылайык  бюджеттин балансташканына жараша каржылануусу белгиленсин.

11. Шаардык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык-накталай акчасы 2014-жылдын 1-январына 100,0мин сом суммасында белгиленсин.

12. Кыргыз Республикасынын “Граждандык коргоо” жөнүндө мыйзамынын экинчи бөлүм, 10-беренесинин, “Калкты жана аймакты табигый жана техногендик мүнөздөгү Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесинин талабынын негизинде өзгөчө кырдаал учурунда алардын кесепеттерин жоюуга пайдаланууга шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын “Автоунаа” (“Транспортные услуги”) беренесинде 300,0миң сом “кол тийбес запас” катары, а.и. Жазы-Кечуу аймактык башкармалыгына 50,0миң сом, Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгына 50,0миң сом, Кара-Көл шаарына 200,0миң сом кармалуусу жана бул каражаттарды өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын түзүлгөн комиссиянын эсеп-кысаптары менен аргументтелген корутунду-чечиминин негизинде каржылоого уруксат берилсин.

13. Эл аралык “Мерси Ко”, “Арис” программалары боюнча инвестициялык жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен “ Үлүштүк түрткү берүүчү” (“Долевые стимулирующие  гранты”)    гранттарга  шаардык бюджеттин  эсебинен үлүш

катары 800,0миң сомдук каражат шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгынын “ Активдер жана милдеттенмелер”  беренесинде кармалсын жана бул каражаттар инвестициялык гранттарды муниципиалдык объектилерине уткан учурда үлүш катары кошуп, тиешелуу мыйзам-актылардын негизинде каржылоого уруксат берилсин.

14. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесинин талабына ылайык бюджеттик каражаттарды ушул эле мыйзамдын 20-беренесинин талабынын негизинде аргументтелген документтерге таянып,  эффективдүү жана максаттуу сарпталышы бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин  жоопкерчилигинде экендиги   жана   шаардык кеңештин  чечими жок кошумча бюджеттик каражаттары каржыланбоосу белгиленсин, ал эми  бул мыйзамдын талабы аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик каржы бөлүмүнө ( Осмонкулов Ж.Т.) жүктөлсүн.

15. “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана  2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесинин талабына ылайык учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар  “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө “ мыйзамынын 20-беренесинин талаптарын сактоо менен кийинки жылдык бюджетте  бюджеттин акыбалына жараша каралаары белгиленсин.

16.Бул токтомду шаардык кеңештин аппараты жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге жеткирүүсү милдеттендирилсин.

17. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга ( Койчиев М.Д.), шаардык салык кызматынын башкармалыгына (Муратов Т.Т.), шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына ( Сарбалаев К.С.) жана шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет , экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

Женбеков М.К.

 

 

Тиркеме № 1

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы  XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

Кара-Көл шаардык бюджетинин 2014-жылга планы жана 2015-2016-жылдарга болжолу.

Аталышы

2014-жылга  чыгашалардын   планы

2014-жылга кирешелердин   планы

2014-жылга кирешелердин планы

Өздүк   кирешелер

Мамлекеттик салыктан болгон   чегерүүлөр

Кара-Көл шаары

80502,0

80502,0

14921,0

65581,0

 

2015-жылга болжолу

2016-жылга болжолу

Киреше бөлүгү

Чыгаша бөлүгү

Киреше бөлүгү

Чыгаша бөлүгү

87870,0

87870,0

96875,0

96875,0

 

 

Тиркеме № 2

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

 

Элемент (8)

Кара-Көл шаары

2014-ж.

Жергиликтүү  бюджет

 

Кирешелердин аталышы

 

 

Кирешелер (трансфертсиз)+ актив жана милдеттенмелер)

73446,0

1

Кирешелер

73060,0

11

Салык кирешелери

68083,0

111

Кирешелерге жана пайдага салыктар

46370,0

1111

Кирешелерге жана пайдага салыктар

36812,0

11111

Кыргыз Республикасынын резиденти-жеке адамдардын кирешесине салык

32700,0

11111100

Салык агентинен кармалган киреше салыгы

32700,0

11111200

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

1112

Атайын режимдер боюнча салыктар

2878,0

11121

Бирдиктуу салык боюнча акы толоо

16,0

11121100

Чакан ишкердиктин субъектилери учун  бирдиктуу салык

16,0

11122

Патенттин негизиндеги салык

2862,0

11122100

Милдеттуу патент салыгы

152,0

11122200

Оз ыктыяры менен иштеген патенттин негизиндеги салык

2710,0

11123

Бюджеттик ишканалардын атайын каражат боюнча салыгы

0,0

11123100

Бюджеттик ишканалардын атайын каражат боюнча салыгы

0,0

113

Менчикке салык

6680,0

1131

Мулк салыгы

4096,0

11311

Кыймылсыз мулкко  салык

296,0

11311100

Ишкердуулукту жургузуу учун пайдаланылбаган кыймылсыз мулк салыгы

 

11311200

Ишкердуулукту жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулк салыгы  2 группа

296,0

11312

Кыймылдуу мулкко салык

3800,0

113121

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

3800,0

11312110

Юридикалык жактардын транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

 

11312120

Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

3800,0

1132

Жер салыгы

2584,0

11321

Жер салыгы

2584,0

11321100

Там арка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы учун жер салыгы

210,0

11321200

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгы

144,0

11321300

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгы

2230,0

11412

Сатуудан алынуучу салык

25575,0

11412100

Сатуудан алынуучу салык

25575,0

1142

Акциз салыгы

250,0

1144

Жер казынасын пайдалангандыгы учун салык

250,0

11441

Бонусы

 

11442

Роялти (акы толом)

250,0

14

Салык эмес кирешелер

4977,0

1415

Ижара акысы

788,0

14151

Пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетекендик учун акы толоо

215,0

14151200

Пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетекендик учун лицензияга  акы толоо

215,0

14152

Жердин ижарасы учун акы толоо

373,0

14152100

Калктуу жерлерде жердин ижарасы учун акы толоо

370,0

14152200

Жайыттар учун акы толоо

 

14152600

Жерди болуштуруу Фондусунун жеринин ижарасы

3,0

14153

Жайлардын ижарасы учун акы толоо

200,0

14153100

Мамлекеттик менчиктеги жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы учун акы толоо

 

14153200

Муниципалдык  менчиктеги жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы учун акы толоо

200,0

142

Товарларды сатуудан жана кызмат корсотуудон тушкон кирешелер

4189,0

1422

Администрациялык жыйымдар жана толомдор

785,0

14221

Жыйымдар жана толомдор

135,0

14221700

Таштанды учун жыйым

135,0

14221900

Башка жыйымдар жана толомдор

 

14222

Мамлекеттик алымдар

650,0

14222200

Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

650,0

1423

Кызмат корсотуулордон тушуулор

 

 

Атайын каражатка налогсуз кызмат корсотуудон тушуулор

3404,0

14235900

Кызмат корсотуулордон башка турлору учун акы толоо

3404,0

143

Айып акылар, санкциялар, конфискациялар

0,0

14311100

Администрациялык айып акылар

0,0

14511100

Мамлекеттин пайдасына айланган кирешелер

 

3

Активдер жана милдеттенмелер

386,0

31

Каржы эмес активдер

386,0

311

Негизги фондулар

0,0

3111

Имараттар жана курулмалар

0,0

31412

Айыл чарбасына жараксыз жерлер

386,0

314121

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

386,0

 

 

 

 

 

Тиркеме № 3

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

 

Элемент (8)

Кара-Көл шаары

2014-ж.

Жергиликтүү  бюджет

 

Кирешелердин аталышы

 

 

Кирешелер (трансфертсиз)+ актив жана милдеттенмелер)

80502,0

1

Кирешелер

80116,0

11

Салык кирешелери

75139,0

111

Кирешелерге жана пайдага салыктар

46370,0

1111

Кирешелерге жана пайдага салыктар

36812,0

11111

Кыргыз Республикасынын резиденти-жеке адамдардын кирешесине салык

32700,0

11111100

Салык агентинен кармалган киреше салыгы

32700,0

11111200

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

 

1112

Атайын режимдер боюнча салыктар

2878,0

11121

Бирдиктуу салык боюнча акы толоо

16,0

11121100

Чакан ишкердиктин субъектилери учун  бирдиктуу салык

16,0

11122

Патенттин негизиндеги салык

2862,0

11122100

Милдеттуу патент салыгы

152,0

11122200

Оз ыктыяры менен иштеген патенттин негизиндеги салык

2710,0

11123

Бюджеттик ишканалардын атайын каражат боюнча салыгы

0,0

11123100

Бюджеттик ишканалардын атайын каражат боюнча салыгы

0,0

113

Менчикке салык

6680,0

1131

Мулк салыгы

4096,0

11311

Кыймылсыз мулкко  салык

296,0

11311100

Ишкердуулукту жургузуу учун пайдаланылбаган кыймылсыз мулк салыгы

 

11311200

Ишкердуулукту жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулк салыгы  2 группа

296,0

11312

Кыймылдуу мулкко салык

3800,0

113121

Транспорт каражаттарынан алынуучу салык

3800,0

11312110

Юридикалык жактардын транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

 

11312120

Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

3800,0

1132

Жер салыгы

2584,0

11321

Жер салыгы

2584,0

11321100

Там арка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы учун жер салыгы

210,0

11321200

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгы

144,0

11321300

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгы

2230,0

11412

Сатуудан алынуучу салык

32631,0

11412100

Сатуудан алынуучу салык

32631,0

1142

Акциз салыгы

250,0

1144

Жер казынасын пайдалангандыгы учун салык

250,0

11441

Бонусы

 

11442

Роялти (акы толом)

250,0

14

Салык эмес кирешелер

4977,0

1415

Ижара акысы

788,0

14151

Пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетекендик учун акы толоо

215,0

14151200

Пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетекендик учун лицензияга  акы толоо

215,0

14152

Жердин ижарасы учун акы толоо

373,0

14152100

Калктуу жерлерде жердин ижарасы учун акы толоо

370,0

14152200

Жайыттар учун акы толоо

 

14152600

Жерди болуштуруу Фондусунун жеринин ижарасы

3,0

14153

Жайлардын ижарасы учун акы толоо

200,0

14153100

Мамлекеттик менчиктеги жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы учун акы толоо

 

14153200

Муниципалдык  менчиктеги жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы учун акы толоо

200,0

142

Товарларды сатуудан жана кызмат корсотуудон тушкон кирешелер

4189,0

1422

Администрациялык жыйымдар жана толомдор

785,0

14221

Жыйымдар жана толомдор

135,0

14221700

Таштанды учун жыйым

135,0

14221900

Башка жыйымдар жана толомдор

 

14222

Мамлекеттик алымдар

650,0

14222200

Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

650,0

1423

Кызмат корсотуулордон тушуулор

 

 

Атайын каражатка налогсуз кызмат корсотуудон тушуулор

3404,0

14235900

Кызмат корсотуулордон башка турлору учун акы толоо

3404,0

143

Айып акылар, санкциялар, конфискациялар

0,0

14311100

Администрациялык айып акылар

0,0

14511100

Мамлекеттин пайдасына айланган кирешелер

 

3

Активдер жана милдеттенмелер

386,0

31

Каржы эмес активдер

386,0

311

Негизги фондулар

0,0

3111

Имараттар жана курулмалар

0,0

31111

Турак уй имараттары жана жайлары

 

31412

Айыл чарбасына жараксыз жерлер

386,0

314121

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

386,0

 

 

 

 

 

Тиркеме № 4

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

 

Кара-Көл шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 2014-жылга планы

 

Баары

2111

2121

2211

2212

2213

2214

2215

2217

2218

2221

2222

1100

1200

223

2231

2232

2233

2632

2721

2824

3111

3112

Айлык-акы

Соц. фондго чегерүү

Сапардык чыгымдар

Байла ныш

Ижара

Унаа чыгым

Башка чыгым дар

Медикамент

Тамак-аш

Учурдагы ремонт чыгымдары

Чарб. максат. үчүн

Матер. жана жабдууд. алуу

Учурдагы чарбал. максат. алуу үчүн

Ком. Кызмат

Суу

Эл. Энергия

Жылуулук

Капиталд. грант

Соц. жардам

Резервдик фонд

Имарат, курулмалар

Унаа жана башка каражаттары

Мэрия

7496,4

4376,0

647,0

190,0

130,2

 

300,0

1309,7

 

 

 

130,0

40,0

90,0

0,0

 

 

 

 

 

251,0

 

162,5

Жазы-Кечүү АБ

946,4

777,1

114,9

25,0

4,0

 

 

20,4

 

 

 

5,0

 

5,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Кетмен-Төбө АБ

956,0

742,8

109,8

27,0

5,0

 

 

58,4

 

 

 

5,0

 

5,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

8,0

Шаардык Кенеш

2592,2

1434,4

210,6

90,0

69,0

 

295,1

143,5

 

 

 

77,6

 

77,6

0,0

 

 

 

 

 

135,0

 

137,0

Мам. Кызмат - жалпы:

11991,0

7330,3

1082,3

332,0

208,2

0,0

595,1

1532,0

0,0

0,0

0,0

217,6

40,0

177,6

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

386,0

0,0

307,5

Коргоо

839,4

555,6

95,8

60,0

33,0

 

65,0

10,0

 

 

 

20,0

 

20,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Коомдук тартип

0,0

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Коомдук тартип  жыйынтыгы

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

ШММБ

39379,6

5804,6

954,7

35,0

52,0

276,0

1700,0

3116,7

 

 

 

320,0

230,0

90,0

10633,7

2009,1

1944,5

6680,1

800,0

 

 

15528,4

158,5

ШММБ - жалпы:

39379,6

5804,6

954,7

35,0

52,0

276,0

1700,0

3116,7

0,0

0,0

0,0

320,0

230,0

90,0

10633,7

2009,1

1944,5

6680,1

800,0

0,0

0,0

15528,4

158,5

Аппарат мад. бөлүмү

1016,2

327,8

48,5

20,0

10,0

 

 

202,3

 

 

 

241,6

236,6

5,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

166,0

ШМУ (мад. үйү)

845,1

692,1

119,4

8,6

0,0

 

 

15,0

 

 

 

10,0

 

10,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Борборд. Китепкана

856,5

710,7

122,6

10,0

0,0

 

 

9,2

 

 

 

4,0

 

4,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Мад. уйунун эсепканасы

432,7

257,7

44,5

10,0

10,0

 

 

38,0

 

 

 

40,0

 

40,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

32,5

Дене-тарбия жана спорт

2213,1

601,9

89,0

30,0

3,0

 

 

1247,2

 

 

 

242,0

227,0

15,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Спорттук оюндар

0,0

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

"Каракөл нуру" редакциясы

344,0

276,3

47,7

 

0,0

 

 

20,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Маданият болуму - жалпы:

5707,6

2866,5

471,7

78,6

23,0

0,0

0,0

1531,7

0,0

0,0

0,0

537,6

463,6

74,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

198,5

Орто мектептер

1789,2

 

 

 

0,0

 

 

689,2

 

 

 

110,0

 

110,0

990,0

 

544,0

446,0

 

 

 

 

 

Башталгыч мектептер

147,2

 

 

22,7

0,0

 

 

10,0

 

 

 

10,0

 

10,0

21,6

 

11,9

9,7

 

 

 

 

82,9

Бала-бакчалар

1193,0

 

 

8,5

0,0

 

 

25,0

 

1026,0

 

5,7

 

5,7

82,8

 

45,5

37,3

 

 

 

 

45,0

Балдар спорт мектеби

851,2

 

 

500,0

0,0

 

 

162,3

 

 

 

5,9

 

5,9

50,4

 

27,5

22,9

 

 

 

 

132,6

Балдар чыгармачылык уйу

175,4

 

 

20,0

0,0

 

 

18,0

 

 

 

10,0

 

10,0

61,2

 

33,6

27,6

 

 

 

 

66,2

ШБББнын эсепканасы

288,5

 

 

55,0

55,0

 

 

0,0

 

 

 

60,0

 

60,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

118,5

 ШБББ:

4444,5

0,0

0,0

606,2

55,0

0,0

0,0

904,5

0,0

1026,0

0,0

201,6

0,0

201,6

1206,0

0,0

662,5

543,5

0,0

0,0

0,0

0,0

445,2

ШБББ аппараты

279,4

 

 

65,0

60,0

 

 

64,8

 

 

 

34,9

 

34,9

0,0

 

 

 

 

 

 

 

54,7

Балдар муз. мектеби

55,4

 

 

8,0

 

 

 

10,0

 

 

 

5,0

 

5,0

32,4

 

17,8

14,6

 

 

 

 

 

Балдардын жайкы эс алуу борбору

395,1

 

 

 

 

 

 

 

 

395,1

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 ШБББ - жалпы:

5174,4

0,0

0,0

679,2

115,0

0,0

0,0

979,3

0,0

1421,1

0,0

241,5

0,0

241,5

1238,4

0,0

680,3

558,1

0,0

0,0

0,0

0,0

499,9

Соц. Женилдиктер

4329,9

3366,5

509,9

70,0

35,0

 

38,4

158,1

 

 

 

140,0

15,0

125,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

12,0

Башка женилдиктер

2620,1

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

2620,1

 

 

 

Соц. онугуу - жалпы:

6950,0

3366,5

509,9

70,0

35,0

0,0

38,4

158,1

0,0

0,0

0,0

140,0

15,0

125,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

2620,1

0,0

0,0

12,0

Жалпы бюджеттик каражаттар:

70042,0

19923,5

3114,4

1254,8

466,2

276,0

2398,5

7327,8

0,0

1421,1

0,0

1476,7

748,6

728,1

11872,1

2009,1

2624,8

7238,2

800,0

2620,1

386,0

15528,4

1176,4

Атайын каражаттар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баары:

2111

2121

2211

2212

2213

2214

2215

2217

2218

2221

2222

1100

1200

223

2231

2232

2233

2632

2711

2824

3111

3112

Мэрия

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ШММБ

70,0

 

 

 

0,0

 

 

70,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Редак.Каракол нуру

70,0

 

 

24,0

0,0

 

 

46,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Билим берүү

2066,7

 

 

3,0

0,0

 

 

383,9

 

1679,8

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Балдардын жайкы эс алуу борбору

1092,3

324,1

55,9

7,5

 

 

45,0

92,7

34,0

521,1

 

12,0

 

12,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Балдар муз. мектеби

105,0

 

 

15,0

0,0

 

 

90,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Атайын каражат - жалпы:

3404,0

324,1

55,9

49,5

0,0

0,0

45,0

682,6

34,0

2200,9

0,0

12,0

0,0

12,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 Бюджеттик каражаттар - жыйынтыгы:

73446,0

20247,6

3170,3

1304,3

466,2

276,0

2443,5

8010,4

34,0

3622,0

0,0

1488,7

748,6

740,1

11872,1

2009,1

2624,8

7238,2

800,0

2620,1

386,0

15528,4

1176,4

 

 

Тиркеме № 5

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

 

Кара-Көл шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 2014-жылга планы

 

Баары

2111

2121

2211

2212

2213

2214

2215

2217

2218

2221

2222

1100

1200

223

2231

2232

2233

2632

2721

2824

3111

3112

Айлык-акы

Соц. фондго чегерүү

Сапардык чыгымдар

Байла ныш

Ижара

Унаа чыгым

Башка чыгым дар

Медикамент

Тамак-аш

Учурдагы ремонт чыгымдары

Чарб. максат. үчүн

Матер. жана жабдууд. алуу

Учурдагы чарбал. максат. алуу үчүн

Ком. Кызмат

Суу

Эл. Энергия

Жылуулук

Капиталд. грант

Соц. жардам

Резервдик фонд

Имарат, курулмалар

Унаа жана башка каражаттары

Мэрия

7496,4

4376,0

647,0

190,0

130,2

 

300,0

1309,7

 

 

 

130,0

40,0

90,0

0,0

 

 

 

 

 

251,0

 

162,5

Жазы-Кечүү АБ

946,4

777,1

114,9

25,0

4,0

 

 

20,4

 

 

 

5,0

 

5,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Кетмен-Төбө АБ

956,0

742,8

109,8

27,0

5,0

 

 

58,4

 

 

 

5,0

 

5,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

8,0

Шаардык Кенеш

2592,2

1434,4

210,6

90,0

69,0

 

295,1

143,5

 

 

 

77,6

 

77,6

0,0

 

 

 

 

 

135,0

 

137,0

Мам. Кызмат - жалпы:

11991,0

7330,3

1082,3

332,0

208,2

0,0

595,1

1532,0

0,0

0,0

0,0

217,6

40,0

177,6

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

386,0

0,0

307,5

Коргоо

839,4

555,6

95,8

60,0

33,0

 

65,0

10,0

 

 

 

20,0

 

20,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Коомдук тартип

0,0

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Коомдук тартип  жыйынтыгы

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

ШММБ

46435,6

5804,6

954,7

35,0

52,0

276,0

1700,0

3116,7

 

 

 

320,0

230,0

90,0

10633,7

2009,1

1944,5

6680,1

800,0

 

 

22584,4

158,5

ШММБ - жалпы:

46435,6

5804,6

954,7

35,0

52,0

276,0

1700,0

3116,7

0,0

0,0

0,0

320,0

230,0

90,0

10633,7

2009,1

1944,5

6680,1

800,0

0,0

0,0

22584,4

158,5

Аппарат мад. бөлүмү

1016,2

327,8

48,5

20,0

10,0

 

 

202,3

 

 

 

241,6

236,6

5,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

166,0

ШМУ (мад. үйү)

845,1

692,1

119,4

8,6

0,0

 

 

15,0

 

 

 

10,0

 

10,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Борборд. Китепкана

856,5

710,7

122,6

10,0

0,0

 

 

9,2

 

 

 

4,0

 

4,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Мад. уйунун эсепканасы

432,7

257,7

44,5

10,0

10,0

 

 

38,0

 

 

 

40,0

 

40,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

32,5

Дене-тарбия жана спорт

2213,1

601,9

89,0

30,0

3,0

 

 

1247,2

 

 

 

242,0

227,0

15,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Спорттук оюндар

0,0

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

"Каракөл нуру" редакциясы

344,0

276,3

47,7

 

0,0

 

 

20,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Маданият болуму - жалпы:

5707,6

2866,5

471,7

78,6

23,0

0,0

0,0

1531,7

0,0

0,0

0,0

537,6

463,6

74,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

198,5

Орто мектептер

1789,2

 

 

 

0,0

 

 

689,2

 

 

 

110,0

 

110,0

990,0

 

544,0

446,0

 

 

 

 

 

Башталгыч мектептер

147,2

 

 

22,7

0,0

 

 

10,0

 

 

 

10,0

 

10,0

21,6

 

11,9

9,7

 

 

 

 

82,9

Бала-бакчалар

1193,0

 

 

8,5

0,0

 

 

25,0

 

1026,0

 

5,7

 

5,7

82,8

 

45,5

37,3

 

 

 

 

45,0

Балдар спорт мектеби

851,2

 

 

500,0

0,0

 

 

162,3

 

 

 

5,9

 

5,9

50,4

 

27,5

22,9

 

 

 

 

132,6

Балдар чыгармачылык уйу

175,4

 

 

20,0

0,0

 

 

18,0

 

 

 

10,0

 

10,0

61,2

 

33,6

27,6

 

 

 

 

66,2

ШБББнын эсепканасы

288,5

 

 

55,0

55,0

 

 

0,0

 

 

 

60,0

 

60,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

118,5

 ШБББ:

4444,5

0,0

0,0

606,2

55,0

0,0

0,0

904,5

0,0

1026,0

0,0

201,6

0,0

201,6

1206,0

0,0

662,5

543,5

0,0

0,0

0,0

0,0

445,2

ШБББ аппараты

279,4

 

 

65,0

60,0

 

 

64,8

 

 

 

34,9

 

34,9

0,0

 

 

 

 

 

 

 

54,7

Балдар муз. мектеби

55,4

 

 

8,0

 

 

 

10,0

 

 

 

5,0

 

5,0

32,4

 

17,8

14,6

 

 

 

 

 

Балдардын жайкы эс алуу борбору

395,1

 

 

 

 

 

 

 

 

395,1

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 ШБББ - жалпы:

5174,4

0,0

0,0

679,2

115,0

0,0

0,0

979,3

0,0

1421,1

0,0

241,5

0,0

241,5

1238,4

0,0

680,3

558,1

0,0

0,0

0,0

0,0

499,9

Соц. Женилдиктер

4329,9

3366,5

509,9

70,0

35,0

 

38,4

158,1

 

 

 

140,0

15,0

125,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

12,0

Башка женилдиктер

2620,1

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

2620,1

 

 

 

Соц. онугуу - жалпы:

6950,0

3366,5

509,9

70,0

35,0

0,0

38,4

158,1

0,0

0,0

0,0

140,0

15,0

125,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

2620,1

0,0

0,0

12,0

Жалпы бюджеттик каражаттар:

77098,0

19923,5

3114,4

1254,8

466,2

276,0

2398,5

7327,8

0,0

1421,1

0,0

1476,7

748,6

728,1

11872,1

2009,1

2624,8

7238,2

800,0

2620,1

386,0

22584,4

1176,4

Атайын каражаттар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баары:

2111

2121

2211

2212

2213

2214

2215

2217

2218

2221

2222

1100

1200

223

2231

2232

2233

2632

2711

2824

3111

3112

Мэрия

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ШММБ

70,0

 

 

 

0,0

 

 

70,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Редак.Каракол нуру

70,0

 

 

24,0

0,0

 

 

46,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Билим берүү

2066,7

 

 

3,0

0,0

 

 

383,9

 

1679,8

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Балдардын жайкы эс алуу борбору

1092,3

324,1

55,9

7,5

 

 

45,0

92,7

34,0

521,1

 

12,0

 

12,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Балдар муз. мектеби

105,0

 

 

15,0

0,0

 

 

90,0

 

 

 

0,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Атайын каражат - жалпы:

3404,0

324,1

55,9

49,5

0,0

0,0

45,0

682,6

34,0

2200,9

0,0

12,0

0,0

12,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 Бюджеттик каражаттар - жыйынтыгы:

80502,0

20247,6

3170,3

1304,3

466,2

276,0

2443,5

8010,4

34,0

3622,0

0,0

1488,7

748,6

740,1

11872,1

2009,1

2624,8

7238,2

800,0

2620,1

386,0

22584,4

1176,4

 

 

Тиркеме № 6

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

Кара-Көл шаарынын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык чыгымдарынын  2014-жылга  электроэнергия  жана жылуулук  боюнча  КР Өкмөтүнүн  27.05.2013-ж. №289  жана  КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  13.06.2013-ж. №65  токтомдорунун негизинде, ал эми суу боюнча келишимдин негизинде

ЛИМИТИ

№

Мекеме

Суу

Эл.энергия

Жылуулук

Баары:

м3

(миң сом)

Миң квт/саат

(миң сом)

Г/калл

(миң сом)

1

Мэрия

766,3

13,5

189,6

284,9

536,8

558,7

857,1

 

Баары мамл.кызмат

766,3

13,5

189,6

284,9

536,8

558,7

857,1

2

Шаардык аскер комиссариаты

514,42

8,3

 

 

 

 

8,3

 

Баары шаардык аскер комиссариаты:

514,42

8,3

0

0

0

0

8,3

3

Шаардык муниципалдык  менчик башкармалыгы

483,4

14,2

96,0

144,3

 

 

158,5

 

Сугат

33000

263,3

 

 

 

 

263,3

 

Баары  ШММБ:

33483,4

277,5

96,0

144,3

0

0

421,8

4

Шаардык  билим беруу болуму

82533,55

1367

899,3

1351,6

2593,1

2698,6

5417,2

5

Балдар музыкалык мектеби

1386,9

23,1

18,7

28,1

68,1

70,9

122,1

 

Баары  ШББ бөлүмү:

83920,45

1390,1

918

1379,7

2661,2

2769,5

5539,3

6

Социалдык өнүгүү башкармалыгы

750,9

12,1

27,3

40,9

 

 

53,0

 

Баары социалдык өнүгүү башкармалыгы:

750,9

12,1

27,3

40,9

0

0

53,0

7

Маданият бөлүмү

1790

28,5

35,2

52,9

 

 

81,4

 

Баары маданият бөлүмү

1790

28,5

35,2

52,9

0

0

81,4

8

Кетмен-Төбө

47100

279,2

7,8

11,8

500,3

3351,9

3642,9

 

Баары:

168325,5

2009,2

1273,9

1914,5

3698,3

6680,1

10603,8

 

Эскертме:  Коммуналдык чыгымдардын  каржыланышы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, тиешелуу  келишимдердин, өз-ара эсептешүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

 

 

Тиркеме № 7

Шаардык Кенештин

"06" " июнь" 2014-жылдагы XIII сессиясынын

№ 45/13-6 токтому менен бекитилди

Кара-Көл шаардык мэриянын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планында, же "Өнүгүү бюджетиндеги"  иш-пландын 

РЕЕСТРИ

Катар номурлары №

Иш-пландын аталышы

 Сметтик баалары (миң сом)

Эскертме

1

Шаардагы Сабиров көчөсүндөгү 7-аянтча аймагында 32 батирлүү үйдү курууга

             15 946,2  

Шаардык бюджеттин балансташканын эске алуу менен ишке ашырылат

2

Кара-Көл шаарынын  көчөлөрүн жамоо (ямочный ремонт) Каипова, Акынай ж.б. кочолор

                  984,2  

3

Завод көчөсүндөгү №1  уйлөрдүн суу түтүктөрүн ремонттоо 

204,9

4

Завод көчөсүндөгү №2  уйлөрдүн суу түтүктөрүн ремонттоо 

204,9

 

5

"Ак-Таш" көчөсунө суу түтүктөрүн орнотууга (суу чыгаруу)

1952,2

6

Чон-Таш суусуна №1  көпүрө куруу

992,4

7

Т.Темиров атындагы №6-орто мектептин полун ремонттоо

23,2

8

Көк-Бел айылынан шаардагы  балдар ойноочу аянтчаларга кум ташып келүү

19,2

9

Сабиров к. 60а турак жай эмес имараттын         1-кабатын сатып алуу

1820,0

10

Кетмен-Төбө шаарчасындагы өрткө каршы 75 м 3 көлөмдөгү өрт казанын ("емкосттун") ремонттоо

227,1

11

Кетмен-Төбө шаарчасындагы өрт коопсуздугу бөлүмүнүн электр чубалгыларын тартуу жана ремонт иштери

210,1

 

Бардыгы:

22584,4