Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 4-15
С.Юсупова айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 29-январындагы IV-чакырык I-сессиясында бекитилген айылдык Кеңешинин регламентине ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизγγ жѳнγндѳ
С.Юсупова айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 29-январындагы IV-чакырык I-сессиясында бекитилген айылдык Кеңешинин регламентине ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизγγ жѳнγндѳгγ маселени карап жана талкуулап С.Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 29-январындагы IV-чакырык I-сессиясында бекитилген айылдык Кеңешинин регламентинин 4.2, 4.3-бѳлγктѳрγнѳ кошумчалар киритилсин, 6.8, 7.7-бѳлγктѳрγнѳ ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин.
2. С.Юсупова айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 29-январындагы IV-чакырык I-сессиясында бекитилген айылдык Кеңешинин регламенти IV-чакырык IV-сессиясында толуктоо жана ѳзгѳртγγлѳрγ менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ѳзγмѳ калтырамын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Мамасаидов М.Т. |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
4-сессиясынын № 4-15
токтому менен бекитилген
4..2. Айыл кенешинин катчысы болуп айыл ѳкмѳтγнγн катчысы эсептелет себеби айыл ѳкмѳтγнγн аппарат башчысы бул айыл ѳкмѳтγнγн катчысы.
· Айыл кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жγргγзѳт;
· Айыл кеңешинин катчысы келип тγшγγчγ иш кагаздарынын эсебин алуунун уюштурат.;
· Айыл кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жγргγзѳт;
· Айыл кеңешинин сессиясын ѳткѳрγγ жѳнγндѳѳ депутаттарга кабарлайт жана алрдын катышуусунун эсебин алат;
· Айыл кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
· Айыл Кеңешинин кабыл алган токтомдорду калыбына келтирип жазуу
· жана оформалоо,ошондой эле облустук юстицияга рээстирине ѳткѳрγγ айыл ѳкмѳтγнγн аппарат башчысы ѳкмѳттγн жооптуу катчысына жγктѳлѳт.
4.3. Жогорудагы айылдык Кеңешинин иш кагаздарын,жумуштарын аткаргандыгы γчγн айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысына 75% айлык маянасына кошуп берγγайылдык Кеңештин депутаттар тарабынан бекитилет.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык округдун кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жѳнγндѳ маалыматтар массалык каражат булактарына айыл ѳкмѳтγнγн аппараты тарабынан чыгылдырылат.
7.7. Айыл кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мѳѳнѳттγ айыл ѳкмѳтγнγн аппараты тарабынан жγргγзγлѳт.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Мамасаидов М.Т. |