Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 11/8
Үч-Чат айылында жайгашкан мечитке Козу ажы атын берүү жөнүндө
Үч-Чат айылынын жалпы элдик жыйынынын токтомун жана Жошолу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Чат айылында жайгашкан мечитке Козу ажы атын берүү жөнүндө Үч-Чат айылынын жалпы элдик жыйынынын № 2 протоколу жактырылсын. (тиркеме тиркелет).
2. Үч-Чат айылында жайгашкан мечитке жалпы элдик жыйындын чечимин эске алып, улуу муундун өкүлү Өмүр уулу Козу ажынын наамы (аты) берилсин.
3. Мечитке Өмүр уулу Козу ажынын наамын (атын) берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
4. Өмүр уулу Козу ажы атындагы мечиттин техникалык жана башка абалы боюнча кам көрүп туруу жагы анын урпактарына сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |
Үч-Чат айылынын элдик жыйынынын
Аюу-Тапан айылы | 14.04.2014-жыл. |
Жыйындын төрагасы: Капаров Абдыманап, айыл аксакалы,
Катчысы: Каримов Камчыбек.
Жыйынга Аюу-Тапан жана Орто-Суу айылынын 27 жашоочусу катышты.
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Үч-Чат айылында жайгашкан мечитке Козу ажы наамын берүү жөнүндө.
Угулду: Күн тартибинде каралуучу маселе боюнча жыйындын төрагасы А.Сексенбаев чыгып сүйлөп Үч-Чат мечитине Козу ажынын атын коюу боюнча элдин пикири көп айтылып жүргөнүн, Үч-Чат айылынын тургуну Козу ажынын көзү тирүү кезинде элдин көйгөйүн чечүүдө көп аракеттерди жумшагандыгы, Жошолу айылында биринчилерден болуп ажыга баргандыгына токтолду.
С.Абдыкадыров- Аюу-Тапан айылынын тургуну: Козу ажы жөнүндө кимдер гана билбейт, ал киши өз учурунда элди ыймандуулукка, тартиптүүлүккө үндөп, өзүнүн акыл насаатын ар дайым айтып жүргөн. Жошолуда биринчилерден болуп ажылык сапарга аттанып, балдарына татыктуу тарбия берип, үлгү болуп келген. Ушундай адамдар менен ар дайым сыймыктанып, анын атын мечитибизге коюп, эскерип жүргөнгө эмнеге болбосун, колдоп берели туугандар.
А.Доорбеков- айыл тургуну: Мечит деген ыйык жайыбызга ушундай адамдардын наамын коебуз деген пикирге мен да кошулам.
Жогорудагы пикирди Аюу-Тапан айылынын тургуну К.Абдыкаимов, А.Осмонов, Асанов Сатимаматтар колдошту.
Жогорудагылардын негизинде элдик жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Козу ажы наамын берүү жөнундөгү элдик жыйындын пикири жактырылсын.
2. Үч-Чат айылында жайгашкан мечитке элдик жыйындын негизинде Козу ажы наамын берүү жөнүндөгү чечими айылдык кеңештен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык мечиттин имамы А.Сексенбаевге тапшырылсын.
Жыйындын тѳрагасы: | Капаров Абдыманап |
Катчысы: | Каримов Камчыбек |