Редакцияот 17.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезектеги Х сессиясы

2014-жылдын 17-марты № 10/4

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылы жасаган иштери

жана 2014-жылга жайыт акылардын ѳлчѳмдѳрγн бекитγγ жѳнγндѳ

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылы жасаган иштери жана жайыт комитетинин 2014-жылга бюджети боюнча жайыт комитетинин тѳрагасы Ж. Кожобердиевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2013-жылы жасаган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).

3. Ат-Башы айыл аймагы боюнча 2014-жылга жайыт акылар тѳмѳндѳгγдѳй ѳлчѳмдѳрдѳ бекитилсин:

   а) 1 баш бодо малга 1 жылга 75 (жетимиш беш) сом;

   б) 1 баш торпок, тайга 1 жылга 52,5 (элγγ эки сом элγγ тыйын);

   в) 1 баш кой-эчкиге 1 жылга 15 (он беш) сом.

4. Жай мезгилинде алыскы жайытка убагында кѳчγрγлбѳгѳн, же айдоо жерге кирген малдар γчγн ар бир кγнгѳ 2014-жылга тѳмѳндѳгγдѳй айып акылар бекитилсин:

   а) 1 баш бодо малга 150 (бир жγз элγγ) сом;

   б) 1 баш кой-эчкиге 30 (отуз) сом.

5. Жайыт акысы башка жайыттарга Кѳк-Талаага, Ак-Сай, Каманды, Сары-Тал жана башка жайыттарга жайлап келсе дагы Ат-Башы айылынын жайыт комитетине толук тѳлѳнсγн.

6. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга чѳп чабыкка пайдаланып жаткан жер аянттарына келишим тγзγлсγн жана тѳмѳндѳгγдѳй тѳлѳнсγн:

   а)1 (бир) сотых жерге 10 (он) сом;

   б) сарайдын айланасын огород кылып тосуп алган жайыт аянттарына 1(бир) сотых жерге 15 (он беш) сом.

Келишим тγзбѳй жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга карата мыйзам чегинде чара кѳрγлсγн.

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ж. Кожобердиевге тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын тѳрагасы:

 

К.Абдылдаев

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын 

айылдык Кеңешинин

депутаттарынын

кезектеги Х сессиясынын

17.03.2014-ж.

№ 10-4 токтомуна

тиркеме №1

 

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2014-жылга

БЮДЖЕТИ

 

№

Чыгымдардын статьялары

 

Саны

Баасы

Сумма

1

Бензин

 

10 000

10 000

2

Командировкалык чыгымдар

 

 

 

3

Канц.товар

 

1 123

1 123

4

Тѳраганын эмгек акысы

9

3 648

32 832

5

Бухгалтердин эмгек акысы

9

3 648

32 832

6

Камсыздандыруу γчγн тѳлѳм

9

17,25%

11 327

7

Жайыт налогу

3 527

2,25

7 936

8

Жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга

 

33 000

33 000

9

Сатуудан налог

 

 

 

10

Ассоциацияга мγчѳлγк акы

 

 

1 000

 

 

Баары:

 

 

 

130 050

 

Ат-Башы айыл аймагында шарттуу малдын башы тууралуу маалымат

 

Малдын тγрγ

саны

Которуу коефициенти

Шарттуу мал башы

Билет баасы

Кой-эчки

5 345

0,2

1 069

15

Жылкы

328

1,0

328

75

Уй

225

1,0

225

75

Жаш бодо

160

0,7

112

52,5

 

Баары:

 

 

 

1734

 

 

Ат-Башы айыл аймагында жайыттын сезону боюнча тарифтери

 

Кѳрсѳткγчтѳр

 

Жаз

Жай

Кγз

Кыш

Жалпысы

Мал жаюу кγнγ

80

20

60

40

200

Жайылган мал саны Ш.М.Б.

1734

1734

1734

1734

 

Билет баасы

30,0

7,5

22,5

15,0

 

 

Баары:

 

52020

 

13005

 

39015

 

26010

 

130050

 

Жайыт комитетинин башчысы

Бухгалтери

Ж. Кожобердиев

М. Абдраев