Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-сентябры № 1/1
Кара-Суу шаардык кенешинин
Регламентин бекитγγ жѳнγндѳ»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳгγ» Мыйзамынына Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаардык кенеши жаны регламент кабыл алынгандыгына байланыштуу Кара-Суу шаардык кенешинин регламенти нормативдик укуктук акт катары кайра каттодон ѳткѳрγлсγн.
2. Ош шаардык жана облустук Юстиция башкармасынан Кара-Суу шаардык кенешинин регламентин юридикалык жактан кайра каттоодон ѳткѳрγп берγγ жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кара-Суу шаардык кенешинин жооптуу катчысы (Н. Кочкорбаевге) тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңештин тѳрагасы: | Р.Х. Хатамов |
| Кара-Суу шаардык кеңешинин 19.09.2013-ж. №1-1 токтому менен бекитилген. |
I БѲЛ/М. Жалпы жоболор
1-глава. Кара-Суу шаардык кеңеши
2-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин компетенциясы
II БѲЛ/М. Кара-Суу шаардык кеңешинин тγзγмγ жана органдары
3-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы
4-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасынын орун басары
5-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы
6-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БѲЛ/М. Депутаттык фракциялар
7-глава. Депутаттык фракциялар жѳнγндѳ жалпы жоболор
8-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердγγлγгγ
9-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен ѳз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
IV БѲЛ/М. Кара-Суу шаардык кеңешинин ишинин жалпы тартиби.
10-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин биринчи сессиясы
11-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин ишин пландоо
12-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
13-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин сессияларын ѳткѳрγγ тартиби
14- глава. Депутаттык мандат
15-глава. Добуш берγγ жана чечим кабыл алуу тартиби
16-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
17-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актылары.
V БѲЛ/М. Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти
18-глава. Кара-Суу шаардык кеңешинин регламентине ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ тартиби
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамына ылайык Кара-Суу шаардык кеңеши Кара-Суу шаарынын ѳкγлчγлγктγγ органы болуп саналат. Кара-Суу шаардык кеңеши сессиялык иштеген, Кара-Суу шаарынын аймагында жашаган жарандар жалпы, бирдей жана тγз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мѳѳнѳткѳ жашыруун добуш берγγ менен шайланган депутаттардан турат.
1.2. Кара-Суу шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди ѳз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, бул чечимдердин иш жγзγнѳ ашырылышына контрол жγргγзѳт жана юридикалык жак статуска ээ.
1.3. Кара-Суу шаардык кеңешинин анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими Кара-Суу шаарынын аймагында жайгашкан баардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик тγрγнѳ карабастан алардын бирикмелеринин, шаардык ѳз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу γчγн сѳзсγз.
1.4. Кара-Суу шаардык кеңешинин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, Кара-Суу шаарынын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат. Кара-Суу шаардык кеңешинин ишинин негизги уюштуруу-укуктук тγрγ - сессия болуп саналат.
1.5. Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана ѳткѳрγγ тартибин, шаардык кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Кара-Суу шаардык кеңешинин иши мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий кѳп тγрдγγлγк жана кѳп партиялуулук, обѳективтγγлγк, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Кара-Суу шаардык кеңешинин сессиялары ачык ѳткѳрγлѳт.
1.7. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ кеңештин депутаттарынын статусу жѳнγндѳ» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде ѳздѳрγнγн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
1.8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Завод кѳчѳсγ - 2.
1.9. Мамлекеттик тилдеги аталышы: Кара-Суу шаардык кеңеши.
Расмий тилдеги аталышы: Кара-Суйский городской кенеш.
2.1. Кара-Суу шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳгγ» Мыйзамына ылайык тѳмѳнкγ маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1)жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо.
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо.
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обѳектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу.
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
18) Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо;
19) Кара-Суу шаарынын мэрин шаардын мэрине ишенбестик билдирγγ;
20) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктык базалык ставкалардын чегинде Кара-Суу шаарынын жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилѳѳ.
3.1. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы Кара-Суу шаардык кеңешинин сессиясында кѳпчγлγк фракциялардын депутаттарынын ичинен же кѳпчγлγк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγгγнγн жашыруун добушу менен Кара-Суу шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтγнѳ шайланат. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасынын кызматына талапкерлерди кѳрсѳтγγ укугуна кѳпчγлγктγн фракциясынын же кѳпчγлγктγн коалициясынын депутаттары ээ.
Шаардык кеңештин тѳрагасы эгер ага Кара-Суу шаардык кеңешинин жалпы депутаттарынын ичинен кѳпчγлγк депутаттар добуш берсе, ал шайланды деп эсептелинет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасынын шайланышы тууралуу Кара-Суу шаардык кеңешинин токтому кабыл алынат.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы тѳлѳнγγчγ башка кызмат ордун ээлѳѳгѳ укуксуз.
3.2. Ѳзγнγн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын γчтѳн биринин же Кара-Суу шаардык кеңешинин фракциясынын демилгеси боюнча, Кара-Суу шаардык кеңешинин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде γчтѳн экисинин кѳпчγлγк добушу менен Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы ээлеген кызмат ордунан мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотулушу мγмкγн.
3.3. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы:
- шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алардын отурумун ѳткѳрѳт.
- шаардык кеңештин сессиясын жана шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелердидаярдоого жалпы жетекчилик жγргγзѳт;
- шаардык кеңештин токтомуна кол коет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- шаардык кеңештин аппатарынын ишин контролдойт;
- шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын тѳрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берγγгѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жѳнγндѳ коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алышын камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе Кара-Суу шаардык кеңешин сунуштайт;
- шаардык кеңештин аймактык коомдук ѳз алдынча башкаруу органдары менен ѳз ара аракеттенγγсγн уюштурат;
- ѳзγнγн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
- Кара-Суу шаардык кеңешине бѳлγнгѳн каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны Кара-Суу шаардык кеңешинин сессиясында кароого берет;
- бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеңештин ѳткѳн жыл γчγн чыгашалары жана алардын бекиткен чыгаша сметасына ылайык келγγсγ же андан ашып кетиши тууралуу жазуу тγрγндѳгγ кеңири отчету кароого берет;
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы Кара-Суу шаардык кеңешинин сессиясына отчет берет.
4.1. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасынын орун басары шаардык кеңештин тѳрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен ачык добуш берγγ жолу менен шайланат. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын ичинен кѳпчγлγк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басары ѳзγнγн ишин коомдук негизде жγргγзѳт.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасынын орун басарынын шайланышы тууралуу Кара-Суу шаардык кеңешинин токтому кабыл алынат.
4.2. Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасынын орун басары:
- шаардык кеңештин тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же ѳз милдеттерин аткарууга мγмкγнчγлγгγ болбогон учурда анын ордунда иштейт.
- депутаттык фракциялар менен ѳз ара аракеттенет;
Шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басары ѳзγнγн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын γчтѳн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен бошотулушу мγмкγн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчы:
5.1. Ѳзγнγн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштγγ маалымат менен камсыздайт;
5.2. Шаардык кеңештин ишинин келечектγγ планын аткарууну камсыздайт;
5.3. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде ѳз ара аракеттенет;
5.4. Шаардык кеңешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана контролдойт;
5.5.Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирγγнγ контролдойт.
5.6. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдарын, ишканалардын жетекчилерин, ѳз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын ѳкγлдѳрγн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
5.7. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну котролдоону жана текшерγγнγ уюштурат;
5.8. Кара-Суу шаардык кеңешинин аппаратынын ишин уюштурат.
6.1. Кара-Суу шаардык кеңешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышу жана аларды аткарууну контролдоо учун убактылуу коммиссияларды калыптантат.
6.2 Туруктуу комиссиялар Кара-Суу шаардык кеңеши менен Кара-Суу шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтγнѳ калыптанат. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш менен аныкталат. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтγнγн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды тγзѳ алат, мурун тγзγлгѳндѳрдγ жое алат жана кайра тγзѳ алат, алардын курамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизе алат.
Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мγчѳсγ боло алат. Туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγ бирде укукка ээ.
Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеңештин тѳрагасы жана шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялардын мγчѳлѳрγ ѳзγлѳрγнγн курамынан тѳраганы жана тѳраганын орун басарын ачык добуш берγγ менен шайлайт, аларды шаардык кеңеш ачык добш берγγ менен бекитет. Комиссиялардын тѳрагасы, тѳраганын орун басары эгер шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелинет.
Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, обьективдγγлγк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштγγ чечим жана корутунду чыгарышат.
6.3 Туруктуу комиссияларды жетектѳѳнγ тийиштγγ комиссиялардын тѳрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдыда жооптуу жана ага баш ийет.
6.4 Шаардык кеңеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу жэ изилдѳѳ γчγн убактылуу комиссияларды тγзѳ алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо γчγн тγзγлгѳн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык кеңештин туруктуу комиссия γчγн белгиленген тартипке ылайык ѳз ишин жγргγзѳт.
7.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
7.2. Депутаттык фракция (мындан ары фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынат.
7.3. Фракция анын тγзγлгѳндγгγ, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана орун басарынын аты - жѳнγ жѳнγндѳ жазуу тγрγндѳ кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
7.4. Фракциянын иши тѳмѳнкγ учурда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңештин ѳзγн-ѳзγ таркатышында.
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.
7.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
- фракцияны шаардык кеңеште жана анын сыртында сунуштайт;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимине кол коет;
- фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
- фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча сессияда талкуулаган маселе боюнча анын саясий кѳз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жѳнγндѳ жарыялайт;
- фракциянын шаардык кеңештин тγзγмдγк бѳлγктѳрγ жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары менен ѳз ара аракеттенγγсγн камсыздайт;
- катчылыктын жана эсептѳѳ комиссиясынын курамына ѳкγлдѳрдγ сунуштайт;
- фракциянын мγчѳлѳрγнγн шаардык кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери тѳраганын, тѳраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын тѳрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.
8.1. Фракция укуктуу:
- шаардык кеңеште каралган маселелер боюнча саясий кѳз карашын билдирγγгѳ;
- башка фракциялар менен коалицияга биригγγгѳ;
- шаардык кеңештин тѳрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жѳнγндѳ сунуш киргизγγгѳ;
- фракциянын отурумуна кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешγγгѳ;
- шаардык кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизγγгѳ;
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизγγгѳ;
- шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
- ѳзγнчѳ маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссияны тγзγγ жѳнγндѳ сунуш киргизγγгѳ;
- бул же тигил маселе боюнча угууларды ѳткѳрγγ жѳнγндѳ сунуш киргизγγгѳ;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мγчѳлѳрγнγн депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтγнѳн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизγγгѳ;
- шаардык кеңештин сессияларында протоколго киргизγγ γчγн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын ѳзгѳчѳ ойун берγγгѳ;
- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык кеңештин сайтында жарыялоого;
- фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин кγчѳтγγ максатында тийиштγγ чараларды кѳрγγгѳ;
8.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары – коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жγргγзгѳн фракциялардын ыктыярдуу биригγγсγ болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси кѳрсѳтѳт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.
8.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык кеңештин кѳпчγлγк же шаардык кеңештин азчылык коалициясына биригγγсγ γчγн булл жѳнγндѳ шаардык кеңештин сессиясында жазуу тγрγндѳ жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
8.4. Коалициялык келишимде тѳмѳнкγлѳр чагылдырылат:
- коалициянын тγзγлγшγнѳ негиз болгон макулдашылган саясий кѳз караштар;
- коалициянын ишинин принциптери;
- коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
- коалициянын ишин токтотуу шарттары;
- коалициянын лидеринин аты-жѳнγ;
Коалициялык келишимге фракцияларынын коалицияга киргендиги жѳнγндѳ чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
8.9. Коалиция ѳзγнγн ишин тѳмѳнкγнγ жарыялоодон баштап токтотот:
- фракция же фракциялар андан чыкандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеңештин кѳпчγлγк статусу жоюлат;
- Коалицияны таркатууда
9.1. Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий ѳнγгγγ программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин тγзγγдѳ шайлоочулар менен туруктуу байланыш жγргγзѳт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын кѳрсѳтѳт жана эске алат.
9.2. Кара-Суу шаардык кеңеши белгиленген тартипке ылайык Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын тѳрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды ѳткѳрγп турат.
9.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракциларга, депутаттарга суро-талаптарды берγγ мγмкγнчγлγгγ бар.
9.4. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил - мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес ѳзγлѳрγнγн иши жѳнγндѳ отчет берип турууга милдеттγγ.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жγргγзγлѳт.
Фракциянын отчет берγγсγ жѳнγндѳ белгиленген тартипте шаардык кеңеш жэ анын органы маалымдайт.
9.5. Кара-Суу шаардык мэриясы жана анын тγзγмдγк бѳлγктѳрγ фракциянын мγчѳлѳрγн отчет берγγ жана шайлоочулар менен жолугушуу γчγн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеңеш фракция мγчѳлѳрγн отчет γчγн зарыл болгон тийиштγγ сурап билγγ жана маалымдоо материалдарды менен ѳз убагында камыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
9.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берγγ фракциянын жетекчиси аркылуу жγргγзγлѳт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.
9.7. Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жѳнγндѳ токмтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суро-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жѳнγндѳ жγйѳлγγ чечим кабыл алууга укуктуу.
9.8. Аймакты экономикалык жана социалдык ѳнγктγрγγ жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
9.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну Кара-Суу шаардык мэриясы жана анын тγзγмдγк бѳлγгγ ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бѳлγмдѳрγ менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жγргγзѳт.
9.10. Шайлоочулардын суроо-талаптыраны ишке ашырууну камсыздаган органдар сѳзсγз тγрдѳ, шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ суро-талаптарды аткаруунун жγрγшγ жѳнγндѳ маалымат берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жγрγшγ жѳнγндѳ γзгγлтγксγз маалымдап турушат.
10.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук тγрγ сессия болуп саналат. Сессияларды ѳткѳрγγнγн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул регламенти менен аныкталат.
10.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес чакырылыштагы шаардык кеңештин тѳрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардын кеңештин биринчи сессиясынын кγн тартибине Кара-Суу шаардык кеңешинин Регламенттин бекитγγ, кеңештин тѳрагасынын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюшутуруунун башка манилγγ маселелери кирет.
10.3. Шаардык кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык ѳткѳрγлѳт.
11.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга тγзγлѳт. Шаардык кеңештин иш планын даярдоо кеңештин аппараты тарабынан жγргγзγлѳт.
11.2. Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизγγгѳ шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэрии укуктуу.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун ѳзгѳртγγ, жаңы маселелерди киргизγγ, маселелерди алып салу шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
11.3. Шаардык кеңештин иш планын бекитγγ учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизγγ мγмкγндγгγн жокко чыгарбайт.
12.1. Шаардык кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте тѳмѳнкγлѳр камтылышы керек:
- баяндамачыны кѳрсѳтγγ менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алыган токтомун аткаруу γчγн даярдалса, анда коштомо ката тийиштγγ шилтеме кѳрсѳтγлѳт;
- шаардык кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстары алып келγγнγ же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуулар тиийштγγ эсебин да кѳрсѳтѳт (экономикалык негиздеме.)
12.2. Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жѳнѳтγлѳт. Шаардын кеңештин тѳрагасы токтом долбоорун алдын ала талкулоону шаардык кеңештин бир бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
12.3. Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жоболору:
- баяндама , азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
- баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
- талкуулануучу маселе боюнча жарыш сѳз ;
- баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сѳзγ;
- добуш берγγ себеби боюнча чыгып сγйлѳѳ;
- документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
- негиз катары кабыл алынган документке оңдоолорду киргизγγ;
- документти толук кабыл алуу γчγн боюнча добуш берγγ.
12.4. Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, анын кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун коцепциясына жалпы баар берилет.
12.5. Шаарды кеңештин тѳрагасы, шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басары, шаардын мэрии алдын ала жазылба утуруп, кезексиз сѳз сγйлѳѳгѳ укугуна ээ.
12.6 Сессиядагы тѳрагалык кылган сѳз сγйлѳгѳндѳрдγн кγн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, сѳз сγйлѳѳнγн белгиленген узактыгын сактоосун кѳзѳмѳлдѳйт.
12.7. Жарыш сѳздѳн кийин баяндамачы жана кошумча баядамачы жыйынтыктоочу сѳзгѳ укуктуу, добуш берγγ себеби боюнча чыгып сγйлѳѳ жγргγзγлѳт жана добуш берγγгѳ документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жѳнγндѳ маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сѳздγн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негизги катары кабыл алууга чейин ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγгѳ жана ал жѳнγндѳ шаардык кеңештин сессиясында билдирγγгѳ укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берγγнγ кийинки сессияга чейин жылдырып коюууга укуктуу.
12.8 Шаардык кеңештин сеесиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чеийн ( анын ичинде жарыш сѳздγн жγрγшγндѳ) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берγγ жолу менен жазуу тγрγндѳ жэ оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий тγрдѳ кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сѳздѳр токтотулат. Сессияда документтин долбоорун ун γстγндѳ андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
12.9. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш тѳмѳнкγ чечимдердин бирѳѳнγ кабыл алат:
1) токтом долбоорун кабыл алуу;
2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертγγлѳрдγ эсепке алуу менен анын γстγндѳ иштѳѳнγ улантуу.
12.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берγγгѳ коюлуучу жазуу тγрγндѳ келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштѳѳгѳ жѳнѳтγлѳт, эгер ал буга кошулбаса, ал ѳзγнγн сунушун берет.
Добуш берγγгѳ депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
12.11. Токтомдо анны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
1) мѳѳнѳттѳр такталат жана пункттары же токтомду толу кишке киргизγγнγн ыкмасы аныкталат;
2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктк актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирγγ γчγн мѳѳнѳттѳр аныкталат.
12.12. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык кеңештин тγзγмдγк калыптануусу) кѳрсѳтγлѳт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилγγ жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун соттартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу γчγн шаардык кеңеш контролдоону жγктѳгѳн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берγγ пунктунда аткаруучу (бирѳѳ же бир нече) же шаардык кеңештин тγзγмдγк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мѳѳнѳтγ кѳрсѳтγлѳт.
12.13. Токтомду аткаруунун жγрγшγ жѳнγндѳ билдирγγ угулгандан кийин шаардык кеңеш тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
- аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жγктѳѳгѳ;
- токтомду жокко чыгарууга;
- кошумча токтом кабыл алууга.
12.15. Сессиянын протоколунда тѳмѳнкγлѳр кѳрсѳтγлѳт:
- сессияны ѳткѳрγγнγн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
- шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
- сессиянын кγн тартибини маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жѳнγ;
- сессияда сѳз сγйлѳгѳндѳрдγн тизмеси;
- добуш берγγнγн жыйынтыгы;
- сессиянын жγрγшγндѳ кѳрсѳтγлгѳн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жѳнγ алардыншайлоо округун кѳрсѳтγγ менен, ал эми башка жактардын аты-жѳнγ кызматы жана иш ордун кѳрсѳтγγ менен коштолот.
12.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 кγндγн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин тѳрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштѳѳ γчγн сессиялардын протоколдорунун кѳчγрмѳсγ бир жумалык мѳѳнѳттѳ жол жоболоштурулат.
12.17. Протоколдун тγп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бѳлγмγнѳ сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун кѳчγрмѳсγн берет.
12.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
Сессияга даярдоо маселелеринде жардаи кѳрсѳтѳт, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын заманбап ѳз ара мамилесин уюштуруу жолу менен;
- шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча сессияда каралуучу маселелерди талкуулоого зарыл болгон жактарды шаардык кеңештин сессиясына чакырат;
- депутаттарды каттоо жγргγзѳт;
- тѳрагалыкка сессияны ѳткѳрγγгѳ жардам берет;
- шаардык кеңеш кабыл алган документтерди жол жоболоштурат жана аларды чыгарат;
13.4. Шаардык кеңештин сессиясы γчγн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин тѳрагасынын, анын орун басарынын же сессияда тѳрагалык кылган депутаттын визасы менен гана жγргγзγлѳт.
13.5. Шаардык кеңештин сессиялары (кγн тартибинин ѳзγнчѳ маселерин кароо) жабык ѳтγшγ мγмкγн. булл учурда ( кγн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеңештин сессиясынын жабык сессияларды ѳткѳрγγ жѳнγндѳ (кγн тартибинин маселерин жабык кароо) чечимине ылайык ѳткѳрγлѳт.
13.6. Сессияга катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
13.7. Бир жылдын ичинде жγйѳѳлγγ себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо γчγн берилиши мγмкγн.
Шаардык кеңештин сессияларын бир жылдын ичинде жγйѳѳлγγ себептерсиз дайыма калтырганы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы γчγн кеңештин депутаттары жалпы сандын кѳпчγлγк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу маселесин кѳтѳрγγгѳ укуктуу.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жγйѳѳлγγ себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, ѳргγγ жана башка жγйѳѳлγγ себептер эсептелинет.
13.8. Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептѳѳ комиссиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) тγзγлѳт.
13.9. Шаардык кеңештин сессиясынын кγн тартибинде бγгγнкγ кγндѳ сессиянын кγн тартибинин кезектеги маселери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
13.10. Шаардык кеңештин тѳрагасы шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кγн тартибин долбоору депутаттарга таркатылат.
13.11. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кγн тартиби шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Мунун менен бирге шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына он кγн калганда кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезетеги сессиянын кγн тартибинин долбоорун жана маселелерди кроо γчγн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия ѳткѳрγγ учурунда кγн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо γчγн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттооо жγргγзγγдѳ таратылат.
13.12. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда тѳрагалык кылган алып барат. Сессиядагы тѳрагалык кылган шаардык кеңештин тѳрагасы болуп саналат. Ал жогунда сессияда тѳраганын орун басары же тѳрага, тѳраганын орун басары тапшырган же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат (ѳзγнѳн ѳзγ баш тартпаган) тѳрагалык кылат.
Сессияда тѳрагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну ѳткѳрγп берγγсγ керек.
13.13. Шаардык кеңештин сессиясында тѳрагалык кылган тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу:
- эгер сѳз сγйлѳп жаткан Регламентти бузса, кγн тартибинен тышкары сѳз сγйлѳсѳ, жγрγшγ-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сѳз берилбейт;
- шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын ѳтγшγн камсыздоого чакырууга;
- депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу γчγн кайрылууга;
- пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;
- депутатты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сѳгγш берγγнγ шаардык кеңешке сунуштоого;
- сессиянын жыйындар залында ѳзгѳчѳ жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
13.14. Шаардык кеңештин сессиясынын учурунда тѳрагалыктын уруксатсыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сѳз сγйлѳѳ мγмкγнчγлγгγ жок.
13.15. Шаардык кеңештин сессиясында тѳрагалык кылган тѳмѳнкγлѳргѳ милдеттγγ:
- Регламентти сактоого жана сессиянын кγн тартибин карманууга;
- сессияда депутаттардын укукгун сактоону камсыздоого;
- сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоону;
- сѳз сγйлѳѳгѳ реглменттин убактысын сактоого, сѳз сγйлѳп жатканга белгиленген убакыттын ѳтγшγ тууралуу ѳз убагында эскертγγгѳ контрол жγргγзγγгѳ;
- бардык келип тγшкѳн сунуштарды белгилѳѳ жана келип тγшкѳн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берγγнγн жыйынтыгын билдирγγгѳ;
- кезеги менен сѳз берγγгѳ;
- сессиянын ѳткѳрγγнγн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюууга, анын ичинде ѳзγнн альтернативалуу сунуштарын,
- сессиянын катышуучуларына сый-урмат кѳрсѳтγγгѳ, сессиянын катышуучуларынын сѳз сγйлѳгѳндѳрγнѳ жеке эскертγγ жана баа берγγдѳн ѳзγн ѳзγ тыюуга, сѳз сγйлѳѳдѳн кийин тγшγндγрмѳ берγγгѳ;
- эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын ѳкγлдѳрγнγн билдирγγлѳрγн жана тγшγндγрмѳлѳрγн эске алууга;
- аталыш боюнча добуш берγγгѳ коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берγγнγн бланктарын толтурууну жектектѳѳгѳ.
1. Депутаттык мандат жана тѳш белги борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы кол койгон кγбѳлγк менен ырасталат.
2. Депутаттык мандаты колдонуу тѳмѳндѳгγдѳй тѳмѳндѳгγдѳй учурларда токтотулушу мγмкγн.
1) Туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жγзѳгѳ ашырууга мγмкγнчγлγк бербеген башка жерге туруктуу жашоого кѳчγп кеткенде;
2) Депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырган;
3) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу» Мыйзамында каралган кызматтарды айкалыштырууга мγмкγнчγлγк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) Депутаттык мандаты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылган);
5) Депутат соттун чечими боюнча аракетке жѳндѳмсγз же жѳндѳмγ чектелγγ деп табылганда;
6) Депутат ѳлгѳндѳ же ал дайынсыз жок же ѳлдγ деп жарыялоо жѳнγндѳ соттун чечими мыйзамдуу кγчγнѳ киргенде;
7) Жыл ичинде кеңештин сессияларына жγйѳлγγ себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) Депутатка карата соттун айыптоочу ѳкγмγ мыйзамдуу кγчγнѳ киргенде;
9) Кеңеш таркатылганда.
15.1. Ушул Регламентте добуш берγγнγн жыйынтыгын аныктоо γчγн пайдалануучу тѳмѳнкγ тγшγнγктѳр колдонулат:
- шаардык кеңештин депуттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамы менен аныкталат.
- отурумда катышкандардын саны – добуш берγγнγн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
15.2. Шаардык кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашыруун добуш берγγ жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берγγнγн тγрγн ѳзгѳртγγ тууралуу шаардык кеңештин чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берγγ шаардык кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
15.3. Бир маселе боючан добуш берγγдѳ, чечим чыгарууга «Макул» «Каршы» же Чечим кабыл алууда калыс калуу» берγγ менен шаардык кеңештин депутаты бир добуша ээ.
15.4. Ачык добуш берγγнγн алдында тѳрагалык сессияда добуш берγγгѳ канча сунуш коюларын, канчалык кѳпчγлγк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берγγ жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептѳѳдѳн кийин сессиядагы тѳрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет.
Кворум жок болсо, сессиядагы тѳрагалык добуш берγγнγ шаардык кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырылат.
15.5. Жашырын добуш берγγ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жγргγзγлѳт.
Жашырын добуш берγγ бюллетендерди пайдалануу менен жγрγзγлѳт.
Жашырын добуш берγγнγ ѳткѳрγγ жана анын жыйынтыктарын аныктоо γчγн шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептѳѳ комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына кѳрсѳтγлгѳн депутаттар эсептѳѳ комиссиясынын курамындагы ѳзγнγн ишин добуш берγγ учурунда токтото турушат.
Эсептѳѳ комиссиясы ѳзγнγн курамынан комиссиянын тѳрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептѳѳ комиссиясы ѳзγнγн чечимдерин ѳзγнγн мγчѳлѳрγнγн кѳпчγлγк добушу менен кабыл алат.
Жашырын добуш берγγ γчγн бюллетендер эсептѳѳ комиссиясынын сунушу жана шаардык кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеңештин депутаттарынын тийиштγγ саны боюнча эсептѳѳ комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берγγ бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун тγрлѳрγ каралышы керек. Эсептѳѳ комиссиясында калган бюллетендер эсептѳѳ комиссиясынын мγчѳлѳрγнγн катышуусунда анын тѳрагасы тарабынан жко кылынат. Добуш берγγнγн убактысы жана орду. Аны ѳткѳрγγ тартиби ушул Регламентке ылайык эсептѳѳ комиссия тарабынан белгиленет жана эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы тарабынан жарыяланат.
15.6. Шаардык кеңештин ар бир депутатына анын депутаттык кγбѳлγгγнγн кѳрсѳтγγсγндѳ депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берγγ γчγн бир бюллетен берилет, ал жѳнγндѳ депутат кѳрсѳтγлгѳн тизмедеги аты-жѳнγнγн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептѳѳ комиссиясынын мγчѳлѳрγ менен кол коюулууга тийиш.
Жашырын добуш берγγ γчγн бюллетен эсептѳѳ комиссиясы печаттаган атайын ящикке салынат.
Эсептѳѳ комиссиясы депутаттардын жашырын оюун билдирγγгѳ шарттарды тγзγп берγγгѳ милдеттγγ.
Депутаттардын добушун эсептѳѳдѳ белгисиз тγрдѳгγ, депутаттардын ойу аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептѳѳдѳ бюллетенге кошумча киргизγγ эсептелбейт.
Жашырын добуш берγγнγн жыйынтыгы боюнча эсептѳѳ комиссиясы протокол тγзѳт, ага эсептѳѳ комиссиясынын бардык мγчѳлѳрγ менен кол коюлат. Эсептѳѳ коммисиясынын тѳрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын тѳрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш берγγнγн жыйынтыгы Кара-Суу шаардык кеңешинин токтому менен жол жоболоштурулат.
Добуш берγγнγн жγрγшγндѳ каталыктар аныкталса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саныны кѳпγлγк добуштун чечими менен добуш берγγ кайрадан ѳткѳрγлѳт.
15.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берγγдѳ катышкан депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башка тартип каралбаса.
15.8.Добушка коюулуучу сунуштар жана оңдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат.
16.1. Шаардык кеңештин сеесияларында протокол жγргγзγлѳт. Ссессиялардын отурумдардын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жγргγзγлѳт. Шаардык кеңештин отурумдарынын протоколдоруна тѳмѳнкγлѳр чагылдырылат: отурумду ѳткѳрγγ датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын кγн тартибиндеги маселелер; булл сессия γчγн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын тѳрагалыгынын жана сѳз суйлѳѳчγлѳрдн аты-жѳнγ; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берγγнγн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протокол сессиянын отурумунун тѳрагалыгы менен кол коюлат.
16.2. Шаардык кеңештин сессиясында стенограмма γчγн жазуу жγргγзγлѳт. Стенограмманы шаардык кеңештин аппараты жγргγзѳт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мγмкγн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдердин кабыл алуунун жγрγшγн, ошондой эл сессиянын отурумун ѳткѳрγγнγн датасы, убактысы жана орду; кγн тартибин; сессиянын тѳрагалыгынын аты-жѳнγн толук чагылдырыш керек.
17.1. Шаардык кеңештин ченемдик укутук актылары токтом тγрγндѳ кабыл алынат.
17.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
17.3. Шаардык кеңештин токтомдору шаардык кеңештин тѳрагасынын колу менен кол коюлат. Шаардык кеңештин тѳрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басары кол коет.
17.4. Шаардык кеңештин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурултат.
18.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен киргизилген Кара-Суу шаардык кеңешинин Регламентине ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ тууралуу сунуштарды шаардык кеңештин сессиясынын кγн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
18.2. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун тγшγндγрγγ жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жγктѳлѳт. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун тγшγндγрγγ шаардык кеңештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилиши мγмкγн.
18.3. Шаардык кеңештин Регламенттин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.