Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15/9
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 17-сентябрындагы №687 катынын негизинде Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенти 2015-жылга №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |
| Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) 2014-жылдын 22-сентябрындагы кезектеги XV ачык сессиясынын №__15/9__токтомунун тиркемеси |
Аталган зонага шаардын борбору толугу менен кирет.
1. Манас көчөсү - А. Темур көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
2. Гагарин көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Кошиев көчөсүнүн кесилишине чейин;
3. Кошиев көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
4. Маданият көчөсү - Жуков көчөсүнөн баштап Мамажанов көчөсүнүн кесилишине чейин;
5. Ленин көчөсү - «Тулпар» АКнан баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
6. Мирзарахимов көчөсү.
Аталган зонага шаардын калган аймагы кошулат.