Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 2
“Таш-Көмүр шаарынын мэри Б.Б.Минбаевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу» кайрылуу кабыл алуу жөнүндө”
Таш-Көмүр шаарынын мэри Б.Б.Минбаевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу» кайрылуу кабыл алуу боюнча шаардык Кеңештин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын маалыматтарын, сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын мэри Б.Б.Минбаевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу» кайрылуу кабыл алуу боюнча шаардык Кеңештин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын маалыматтары жана сунуштары эске алынсын. /Кайрылуу тиркелет/
2. Кабыл алынган кайрылууну Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасына жөнөтүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |
| Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы А.Жээнбековго |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевге |
| Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимовго |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эгембердиевага |
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттары «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде 2012-жылы Таш-Көмүр шаардык Кенешине 31 депутат шайланганбыз. Жалпы 7 саясий партия 5%дык чектен өтүп, анын ичинен 4 саясий партия коалиция түзүп, «Ата Мекен» саясий партиясынан шаардын мэри жана «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясынан шаардык Кенештин төрагасы кызматтарына шайланышкан.
Шаардын мэри Минбаев Бекболот Бекназарович шаардын мэри кызматына жасалма эмгек китепчеси менен барган. (Таш-Көмүр шаардык жана Сузак райондук социалдык фонддорунун тактамалары тиркелет). Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы тыкан изилдөө жүргүзгөн эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаты, «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаев тийиштүү органдарга жана Жогорку Кенештин депутаттарына бир нече жолу кайрылган, бирок жыйынтык чыккан эмес. Негизинде мамлекеттик кызматты аркалабаган адам келип Мыйзамга туура келбеген иштерди жасагандыгы үчүн 6 айдан бери КРнын КЖК ылайык кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө ишин Жалал-Абад областык соту кароодо. Соттук териштирүү иштери кайсыл убакка чейин уланаары белгисиз. 2014-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен шаардын мэри Б.Минбаев ээлеген кызматынан «убактылуу четтеттилген». (буйруктун көчүрмөсү тиркелет).
Бүгүнкү күндө Таш-Көмүр шаары башкаруусуз калууда. Шаардын аймагы адамдын зээнин кейите турган акыбалга келип, шаардын социалдык-экономикалык абалы, инфраструктурасы күндөн күнгө начарлап жатат.
Биз, Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттары, Сиздин жүргүзүп жаткан саясатынызды толук колдойбуз. Себеби, Сиз Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандан бери Кыргыз Республикасынын аймагында бир топ чон долбоорлор ишке ашып, Евразиялык жана Бажы биримдигине кошулуу, коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жаткандыгы элди бир топ мамлекеттик бийликке ишеним келтирет. Бирок, биздин шаардын айланасында болуп жаткан иштер Сиздин жүргүзүп жаткан саясатынызга каршы деп эсептейбиз. Себеби, эл арасында ушул сыяктуу иштерге тез маани берилип, биринчиден КРнын мамлекети жөнүндө туура эмес пикирлер айтыла баштады.
Ошондуктан биз 2014-жылдын 4-ноябрында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык кезексиз сессия чакырып, шаардын мэри Б.Минбаевдин өз милдеттерин так, тыкан жана өз убагында аткарбагандыгын, ошондой эле жалан гана жеке иштерин жүргүзүп келе жаткандыгын эске алып, депутаттык укугубуздан пайдаланып, Мыйзамга ылайык шаардык Кенештин кезексиз 24-сессиясында шаардык Кенештин депутаттары «Таш-Көмүр шаарынын мэри Б.Минбаевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу» кайрылууну ачык добуш берүү менен 21 депутат кабыл алууга макулдук бердик.
Жогорудагы белгиленген негиздүү себептерди эске алып, шаардын мэри Минбаев Бекболот Бекназаровичти ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимин кабыл алуунуздар үчүн Сиздердин кароонуздарга жөнөтөбүз.