ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин XXIV сессиясынын III чакырылышы
2014-жылдын 24-декабры № 243
“Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
(Ош шаардык 2015-жылы 8-июну № 277 токтомдун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 4-декабрындагы № 27 жана 2014-жылдын 22-декабрындагы № 28-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 4-декабрындагы отурумунун № 27 жана 2014-жылдын 22-декабрындагы № 28-токтомдорунун негизинде № 1-тиркемеге ылайык Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын № 205-токтомунун негизинде Ош шаардык жолдор башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасында Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна каралган акча каражатынын эсебинен Ош шаарынын «МЖК» конушундагы отказандын оңдоо иштерине бөлүнгөн 5,0 млн. сом акча каражатынын каржылоо багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу, аталган сумманы «МЖК» кичи шаарчасына жана Ленин көчөсүнүн № 169, Алымбеков көчөсүнүн № 1а-үйлөрүнүн жылытуу системаларын долбоорлоо жана курулуш монтаждоо иштерине бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасын саркынды сууларды тазалоочу бекетинин капиталдык ремонт иштерине бөлүнгөн 2956,0 миң сом акча каражатынын 2,0 млн. сомунун жабдыктрады жана материалдарды «Ошшаарсууканал» ишканасы тарабынан сатып алуу үчүн жана 956,0 миң сом акча каражатын аталган мекеме тарабынан чарбалык жок аркылүү аткарылуучу курулуш иштерине бөлүнсүн.
(Ош шаардык 2015-жылы 8-июну № 277 токтомдун редакциясына ылайык)
4.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 227-токтомунун № 1-тиркемесиндеги Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдагы титулдук баракчасынын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүүчү каражаттарынын тизмесинин 1-пункту өзгөртүлүп төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-300,0 миң сом акча каражатын Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына жеңил автомашинасын сатып алуу үчүн.
5.Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына күнөскана жана жумушчуларга шарт түзүп берууүчүн жуунучу жай курууга бөлүнгөн акча каражатынын үнөмдөлгөн 45512 сом каражатын аталган комбинаттын питомнигинин жерине мамлекеттик акт алуу үчүн жумшоого макулдук берилсин.
6.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңештин төрагасы |
У. Примов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 243- токтомуна № 1-тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 4-декабрындагы отурумунун № 27-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
Төмөнкү маселелерге жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгында "Ош шаары маданий кызматташтык борбору" ар түрдүү иш чараларына каралган акча каражатынын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-350,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын курултайын өткөрүү үчүн;
-400,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү үчүн;
-150,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы жетим жана жарым жетим балдар үчүн Ош шаарынын мэриясынын Балаты майрамын өткөрүү үчүн;
-55,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Н.Шамурзаев атындагы куурчак театрына материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы отурумунун № 28-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
Ош шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 1-январына карата калдыгындагы депутаттардын шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга каралган акча каражатынын эсебинен төмөнкү маселеге акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-120,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын завод көчөсүнүн тургуну Ош мамлекеттик Университетинин докторанты А. Алиевге Оштун тарыхый инсандарын чагылдырган монография түрүндөгү китебин чыгаруу үчүн.