Редакцияот 07.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

 

2013-жылдын 7-майы № 2/2

“Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча жайыт комитетинин 2013-жылга иш планын бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундогу» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык округунун Жайыт Комитетинин торагасы Э.Осмоналиевтин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2013-жылга тузулгон иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Жайыт комитетинин ишин тузулгон иш-планга ылайык жайыт пайдалануучулардын жайлоого кочуп кетуу жана кочуп келуу жактарын жайыт комитетинин торагасы Э. Осмоналиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин агрардык, азык-тулук, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (торагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Жолдошов

 

 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 07.05.2013-жылдагы кезектеги II–сессиясынын (V-чакырылыш) № 2/2-токтомуна тиркеме.

 

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга карата иш планы.

 

№

Аткарыла турган жумуш

Эмне кылуу керек

Качан аткарылат

Ким жооптуу

1

Малдарды инвентаризациялоо

Малдын санын тактоо жүргүзүү

Январь, февраль

Төрага, бухгалтер, инспектор

2

Жол оңдоо

Жаан көп жааган учурда жолдорду оңдоо

Май, август

Төрага, мүчөлөр

3

Картаны алуу

Гос регистрге барып картаны алуу

Февраль, март

Төрага

4

Инфраструктураны жакшыртуу

Жол, коптаж куруу иштери

Жыл ичинде

Төрага,мүчөрөрү

5

Жайытка мониторинг жүргүзүү

Чөптүн түшүмдүүлүгүн аныктоо

Май, июнь, июль

Төрага, мүчөлөр

6

Пост куруу

Малдын эсебин алуу үчүн пост куруу

Апрель, май

Төрага, бухгалтер

7

Мал жайуу графигин түзүү

Малдарды туура, жайуу жолдору

Май, август

Төрага, мүчөлөр