Редакцияот 07.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

 

2013-жылдын 7-майы № 2/3

“Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн КБФ-нун жерлерин пайдалануу боюнча 2012-жылдагы жүргүзгөн иштери жана 2013-жылга түзүлгөн иш-планы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундогу» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл Окмотунун турак жай, коммуналдык менчик жана жер маселелери боюнча адиси Б.Исаевдин КБФ-нын жерлерин пайдалануу жонундо маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл Окмотунун КБФ-нун жерлерин пайдануу боюнча 2012-жылдагы жургузгон иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Айыл Окмотунун КБФ-нун жерлерин пайдалануу боюнча 2013-жылга тузулгон иш-планы жактырылсын. (тиркеме тиркелет).

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин агрардык, азык-тулук, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( торагасы У.Ажимаматов ) тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Жолдошов

 

 

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 07.05.2013-жылдагы кезектеги II–сессиясынын (V-чакырылыш) № 2/3-токтомуна тиркеме.

 

Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн КБФ-нун жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча 2013-жылга карата иш планы.

 

№

Аткарыла турган жумуш

Эмне кылуу керек

Качан аткарылат

Ким жооптуу

1

КБФ-нун жерлерин ижарага берүү үчүн райондук “Мезгил үнү” гезитине конкурс жарыялоо

КБФ-нун жерлерин бөлүмдөр боюнча тактап чыгуу

Январь, февраль

Жер адиси, айыл башчылар

2

КБФ-нун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү

КБФ-нун жерлерин ижарага ала турган жарандардын арыздарын кабыл алуу

Март, апрель

Жер адиси, жер комиссиясы

3

Жогорку органдардан КБФ-нун жерлерине бекитилип берилген ижара акысы боюнча план-тапшырмаларды аткаруу

Ижарага берилген жерлерден ай сайын ижара акысын толук чогултуу

Май, июнь, июль, август

Жер адиси, айыл башчылар

4

Ижара акыларын чогултууну жыйынтыктоо

Ижара акы төлөгөндөрдү тизмелеп тактоо, ички мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу

Сентябрь, октябрь

ФЭБ, жер адиси