Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралы № 2
2014-жыл “Кыргыз Мамлектүүлүктү бекемдөө” жылына карата өтүлүүчү “Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынактын жобосун бекитүү жөнүндө
“Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынакты өткөрүү максатында
Казан–Куйган айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан–Куйган айыл аймагынын “Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынактын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет 1 баракта)
2. Казан–Куйган айыл аймагынын “Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынагынын жобосун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы З. Кемелбековго милдеттендирилсин.
Төрагасы | М. Солтонкулов |
- Казан-Куйган айылындагы ынтымак-ырашкерчиликти бекемдөө;
- Айыл тургундарынын маданиятын көтөрүү, эл ичиндеги өнөрпоздорду табуу, улуттук каада-салттарды, үрп адаттарды жайылтуу , жаштарды патриоттуулукка, эл жерди сүйүүгө, ыймандуулукка тарбиялоо;
- Айыл ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөлөрдү ирээтке келтирип тазалоо;
- «Үлгүлүү үй»,”Үлгүлүү аймак”, ”Айылдын ардактуу атуулу”,”Мыкты уюштуруучу”,”Мыкты аткаруучу” номинацияларын ыйгаруу.
Казан-Куйган айыл ичи төрт аймакка бөлүнөт:
1. Кара-Булак аймагы. Ноооруз майрамы(21-март)
2. Тоолук аймагы. 1-июнь Балдар күнү
3. Борбор аймагы . 31-август Эгемендүүлүк күнү
4. Шаңкай аймагы. Түшүм майрамы (25-октябрь)
Ар бир аймак майрамдарга карата кароо-сынакты өткөрүшөт.
Көчөлөрдү ирээтке келтирип, жашылдандыруу-көрктөндүрүү сынагы жаз мезгилинен баштап күз мезгилине чейин жүргүзүлөт.
1. Кароо-сынактын катышуучуларына жашына, улутуна чек коюлбайт.
2. Кароо-сынактын концерттик программасы улуттук каада-салттардын (каалаган улуттук каада-салт) коштоосунда көрсөтүлүшү керек.(ыр, бий, тамашалар)
3. .Кароо-сынактын жүрүшүндө салттуу, улуттук кийим-кечелерди кийүүсү, улуттук тамак-аш көрсөтүү.
4. Көчөлөрдү, үйлөрдү ирээтке келтирилиши , арыктардын тазаланышы, жашылдандырылышы, көрктөндүрүлүшү.
5. Убактысы – 2 саат. (чектелүү)