Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 32/X-1
Кайыңды шаарынын аймагында, көл чарбачылык эмес жерлер жана рекламалык щиттер менен пайдаланган үчүн, № 1 тиркеменин негизинде арендалык төлөм өлчөмү бекитилсин
Кайыңды шаарынын мэриясынын аймагында көл, чарбачылык эмес жерлер жана рекламалык щиттер менен пайдаланган үчүн, Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетине кошумча киреше тартуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №334 беренесинин 5 пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл, чарбачылык эмес жерлер, рекламалык щиттер менен пайдаланган үчүн, №1 тиркеменин негизинде арендалык төлөм өлчөмү бекитилсин.
2. Арендага берүү учурунда, мэриянын башкы адиси, салык инспектору ушул токтом менен таянып колдонсун.
3. 03.02.2010 жылдагы Кайыңды кыштактык кеңешинин №35 VIII- 6 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |
| Тиркеме №1 Кайыңды шаардык кеңештин токтомуна №___от______2013 ж.
|
Кайынды шаарынын аймагындагы көлмөлөр, көлдөр, айыл чарбалык эмес жерлер, жарнама шыптар менен колдонуунун ижара төлөмүнүн көлөмү.
№ п/п | Объекттердин аталышы | Ижара төлөмдүн суммасы |
1 | Көлмөлөр жана көлдөр | Жер салыгынын 2 эсе төлөмүндөгү көлөмүнөн аз эмес. |
2 | Айыл чарбалык эмес жерлер | Жер салыгынын 2 эсе төлөмүндөгү көлөмүнөн аз эмес.. |
3 | Жарнама шыптар | Бир айга (м. сом) |
| Физикалык жактар | 1000 сомдон бир бети |
| Юридикалык жактар | 3000 сомдон бир бети |
| Политикалык партияларга | 5000 сомдон бир бети |