Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № 10-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына карата
атайын эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кеңешинин “экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына 144,8 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2 .2014-жылга айыл өкмөттүн бюджеттинде 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айыл өкмөтүнүн бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2014-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Аматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|
| Кыргыз-Ата айыл кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги онунчу сессиясынын № 10-3 токтомуна № 1 – тиркеме |
01.01.2014-жылга эсептик счетундагы калдык | 1483.7 |
01.01.2014-жылга атайын счетундагы калдык | 144.8 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 1628.5 |
Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппараты | 342.7 |
Айыл чарбасы | 16.0 |
Коммуналдык чарба | 424.0 |
Маданият | 100.0 |
Билим берүү | 601.0 |
Жыйынтыгы | 1483.7 |
Атайын счет билим берүү балдар бакчасы | 144.8 |
Жалпы жыйынтыгы | 1628.5 |