Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз–Ата айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № 10-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына карата
эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кеңешинин “экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүүктү колдоо” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2014-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына 1483,7 миң сомго, атайын эсептик счетундагы 144,8 миң сомго бардыгы болуп 1628,5 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2014-жылга айыл өкмөттүн бюджеттинде 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
Бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү жыл башында бекитилген суммага, 2014-жылдын 1-январына карата эсептик счетунда жана атайын эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Аматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз–Ата айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С.Турдуев
|
| Кыргыз-Ата айыл кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги онунчу сессиясынын № 10-2 токтомуна № 1–тиркеме |
01.01.2014-жылга эсептик счетундагы калдык | 1483.7 |
01.01.2014-жылга атайын счетундагы калдык | 144.8 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 1628.5 |
Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппараты | 342.7 |
Айыл чарбасы | 16.0 |
Коммуналдык чарба | 424.0 |
Маданият | 100.0 |
Билим берүү | 601.0 |
Жыйынтыгы | 1483.7 |
Атайын счет билим берүү балдар бакчасы | 144.8 |
Жалпы жыйынтыгы | 1628.5 |